Кайрат Нуртас 1-майда Бишкекке концерт коет

Кайрат Нуртас 1-майда Бишкекке концерт коет
14-Март 2019, Бейшемби, 15:29

Казак элинин белгилүү эстрада ырчысы Кайрат Нуртас 1-май күнү Бишкек шаарына концерт коет.

Бул тууралуу ырчынын Бишкектеги концертин уюштуруучулары эмитеден эле жарнамаларды жаза башташты.

Анын концерти башкалардан айырмаланып, үй-бүлөсү менен өтөт. Башкача айтканда анын жубайы, эки кыз, эки уулу да сахнага чыгып, Кайрат Нуртас менен кошо ыр аткарышат.

Концерт 1-май күнү Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда болот.

Эскерте кетсек, Кайрат Нуртас өзүнүн үй-бүлөсү, жубайы, төрт баласы бар экенин жыйырма жылга чукул элден жашырып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!