Анжеликанын күйөрманы бир унаа толо роза берди

Анжеликанын күйөрманы бир унаа толо роза берди
14-Март 2019, Бейшемби, 17:24

Ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн жеке жашоосун инстаграм баракчасына дайыма жар салып айтып турат.

Бүгүн да ал бөлмөнүн так ортосунда аппак розалардын жанына түшкөн сүрөтүн жүктөп:

“Аялзатка гүл берүү үчүн себеп издебе, ал өзү себеп. Менин жакшы көргөн ак розаларым. 1200 роза”, -деп жазып койду.

Ырчы Анжелика роза гүлдөр кимден келгенин жазган жок. Сүрөттү көргөн күйөрмандары ар кандай болжоп жатышты.

Айрымдары “мынча гүлдү бир унаа атайын жеткирди го” деп таң калгандары да болду.

Кыскасы, ырчы Анжелика 1200 аппак роза алганына ыраазы экенин билдирди.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!