Юлия Началова катуу ооруга чалдыкты

Юлия Началова катуу ооруга чалдыкты
15-Март 2019, Жума, 17:00

38 жаштагы россиялык ырчы Юлия Началова эки күн мурун ооруканага жаткырылган. Ырчы кандагы канттын өлчөмү кескин көбөйгөндүгүнө байланыштуу ооруканага жаткырылгандыгы айтылат.

13-мартта интернет желесине Юлия Началовага атайын дем алдыруучу аппарат коюлгандыгы кабарланган. Ал ортодо анын пиар-менеджери Анна Исаева Юлия өзүн жаман сезип жатканын айтып чыккан.

14-мартта болсо, Началова бир гана диабет оорусунан сырткары, “красный волчанка” оорусу менен жабыркагандыгы да маалым болду.

Акыркы маалыматтар боюнча Юлиянын мээси шиший баштагандыгын кабарлашты. Учурда анын абалы өтө оор.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!