Дима Билан сахнага качан кайтып келет белгисиз

Дима Билан сахнага качан кайтып  келет белгисиз
26-Март 2019, Шейшемби, 15:28

Орусиянын белгилүү ырчысы Дима Билан өз мекенин чет өлкөгө таанытып, атак-даңк алып келген ырчылардын бири.

Кечээ 25-мартта ага Орусиянын эмгек сиңирген артисти наамы ыйгарылды. Бул наамды алуу үчүн Дима Биландын кош балдакчан келгени көпчүлүктү таң калтырды.

Ал балдакчан таяк таянып келсе да бул аземге костюм шым кийип келди.

Сахнага чыгып, наамды алып жатканда күйөрмандарына жана орус элине ыраазычылык билдирип, ден соолугуна байланыштуу ушундай келгенин айтып кечирим сурады. Ошентсе да мындай расмий кийинип келүү ага эч кандай оорчулук жаратпаганын айтты.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль айында ал кырсыктап, бутун сындырып, оор жаракат алган эле. Ошол учурда ал Санкт-Петербургда өтчү концертинеда өткөргөн.

Ошондон кийин ал дарыгерлердин кароосунан улам бутуна операция жасалган. Учурда ден-соолугуна байланыштуу чыгармачылыкты убактылуу токтотуп турган кези. Айрым учурларда ал майыптар арабасы менен сыртка чыгат экен. Биландын күйөрмандары интернеттеги баракчасына ар дайым ден-соолук тилеп жазып турушат. Азырынча ырчынын сахнага кайтып келүү убактысы белгисиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Назира Айтбекова: Уулун жалгыз баккан карапайым келинмин
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
Илим Карыпбеков: Дырылдаган бойдон жетип келдим го
 Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Самара Каримова: Кыргызстандын бийик тоолорун эстеп жатам
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Ырчы Гүлжигит Калыков кырк жылкылуу болду
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
Самат Эркинбеков: Жора байке менен Гуля эже киного тартыла баштады
 Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сайкал Садыбакасова: “Кыргыз бала табылбай калдыбы?” деп сурашты
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Сапаргүл Абдинабиева: Бул жыл - өмүрүмдүн эң оор жылы болду
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Жээнбеков Сауд Арабиясынын парламентинин спикери жолугушту
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Радик Батыршин «Данакер» ордени менен сыйланды
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
Шашылыш билдирүү: абанын температурасы +40 градуска жетет
 Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жүргүнчүлөрдү акысыз ташыган автобус ишке кирди
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Жумабеков Ибрахим Аль Аш Шейх менен жолукту
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
Уйкусуздукка себеп кылган факторлор
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
​Конор Макгрегор кайрадан мелдешке чыгат
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Сары жана ак жумуртканын арасындагы айырмачылык кандай?
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы кызматынан бошотулду