Назира Айтбекова: “Жүзүмө күлүп турган бет капты кийем...”

Назира Айтбекова: “Жүзүмө күлүп турган бет капты кийем...”
15-Апр. 2019, Дүйшөмбү, 13:29

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова жан дүйнөсүндөгү ачуу чындыкты дайыма интернет баракчасына жазып келет. Бул жолу да фейсбуктагы баракчасына азыркы абалы тууралуу жазды.

“Кээде жоопкерчилик артынбаган, ийрелеңдеп жүк көтөрбөгөн, жөнөкөй, алсыз, назик, эрке, бирөөгө башымды жөлөй алган, эртеңки күндүн түйшүгүн ойлонбогон кыз болгум келет. Артымда ата - энем турат, бир туугандарым бар, досторум жардам кылат деп бейкапар жүрүп, өз доорун сүргөн жаштардын катарын толуктабаптырмын. Жардам күтпөптүрмүн, сурабаптырмын. Жалгыз жасап жүрүп, жалгыздык көнүмүш адатка айланыптыр. Жүзүмө күлүп турган бет капты кийем. Колум жооруп, чыпылдап чекеден тер чыккыча турмуштун арабасын тырталактап сүйрөйм. Тиштерим тиштериме бүлөнүп, кабыргам майышып турса да күлүп турган бет кабым кийилүү. Алсыздыгымды, бир буурчак жашымды бирөө жарым көрүп калса, өлбөгөн төрт шыйрагым калчудай ыңгайсызмын. Кол кабыш кылып, оорумду колдон алганга таң калып, тарс жыгылам. Одоно, көзүмө жылуу учурабаган көрүнүш. Көнгөн эмесмин көмөгүңөргө. Жат көрүнүш...бирок ошол жат көрүнүштүн мынчалык жагымдуу экенин билбептирмин... “, - деп жазды.

Назира айымдын жазган бул постуна ага бактылуулукту, чыдамкайлыкты каалашты, ошол эле учурда анын мыкты аялзаты экенин да айтып өтуштү,

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Дүйнө футболундагы аталар жана уулдары(сүрөттөр)
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
​Конор Макгрегор 14 жыл мурунку карызын берди
"Коопсуз шаар" долбоорунун "кооптуу" жактары барбы?
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Россия-Түндүк Корея: АКШ менен мамилелер колдоого алынат
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Айтылуу төкмө акын Аалы Туткучев уран боюнча ырын төктү (видео)
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Самара Каримованын атынан чайкана, тамак жана бильярд
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
Парламент өкмөттүн отчетун жактырды
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
​Дүйнөнүн 5 жаштагы эң күчтүү спортчусу (видео)
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Жээнбеков Пекин шаарына жумушчу визит менен учуп кетти
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
Назира Айтбекова: “Өлүм башыбызга келген эң сонун нерсе болсочу?”
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
​Роналду “Ювентус” клубуна 6 футболчуну алуусун айтты
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
Манжасы жок кыз конкурста жеңүүчү аталды
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
БУУ: Афганистанда акыркы 10 жылда 75 миңден ашык жаран көз жумду
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Колуңуздун абалы боюнча ден соолугуңузду аныктаңыз!
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Куудул Назира Жетигенова кечээ туулган күнүн өткөрдү
Дарыларды дрондор тарата баштады
Дарыларды дрондор тарата баштады