Бек Борбиев: "Адахан мырза пикирибиз айрылышып кетти окшойт..."

Бек Борбиев:
23-Апр. 2019, Шейшемби, 16:09

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү обончу жана аткаруучу Бек Борбиев интернетте активдүү колдонуучулардын бири.

Ал анда-санда саясий постторду да жазып турат. Кечээ саясатчы Адахан Мадумаровго кайрылуу жазган посту талкууну жаратты.

“Урматтуу Адахан мырза, көп эле жерден позицияларыбыз дал келип жүрчү эле. Бул жолу айрылышып кетти окшойт. Сиз Зеленскийди чыкыйта куттуктап койсонуз жарашат эле. Ал жаңыча ойлонуп, реформа кылам, согушту токтотом, ууруларды камайм, жашоо деңгээлди көтөрөм деп элдин ишеничин алды. Украиндиктер жөнөкөй эл эмес, бир келесоону шайлап алгыдай. Тарыхы терен, далай согушту көргөн, өтө билимдүү эл деп дүйнө эли тааныйт. Тилекке каршы сиздин пикир, алдыга умтулбай, эскиче жашай берели дегендей болуп калыптыр. Көп сөз жаман сөз.. Айтор кечээ Украина, бүткүл СНГ чөлкөмүнө демократиянын туу чокусун көрсөтүп койду. Көптөгөн дүйнө элине үлгү боло тургандай жолду тандады. Албетте начар иштеген президентти, ал Зеленский болобу же башкабы эл өзү шайлап, өзү таш менен уруп кубалайт. Ал эми башка сөз, иштегенине жараша баасын алат, аны баарыбыз билебиз
Учурдан пайдаланып, сахначы, өнөрпоз коллегабыз В. А. Зеленскийди чын жүрөктөн куттуктап, ийгиликтерди каалап кетмекчимин!”- деп жазды.

Бек мырзанын жазганына аны колдогондор да, тескери сын айткандар да болду.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Шаввалдагы алты күндүк Орозону унутпайлы
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
Өкмөт Матраимовго Жогорку соттон да утулду
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
​Роналду менен күлүк жылкынын баасы бирдей (видео)
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
Конор аз камсыз болгондорго бекер үй салууда
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
​Башкаруучусу жок жүк ташуучу унаа каттамга чыкты
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Активдүү жарандык коом – демократиялык коомдун милдеттүү белгиси
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
Болот Шамшиевдин “Эсимде” атуу романы жарык көрдү
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Ит тирүүлөй көмүлгөн наристени сактап калды
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
​Зинедин Зидан “Реал” дарбазачысына уулун көрсөттү
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
Жээнбеков Балыкчынын “Коопсуз шаар” долбоорлору менен таанышты
«705» тайпанын  «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
«705» тайпанын «Жалын жүрөк жоокерлер» аттуу спектакли болот
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Назира Айтбекова Балыкчынын жаш мэрине кайрылуу жасады
Гульназ Дуйшембиева  Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Гульназ Дуйшембиева Өкмөттүн ардак грамотасы менен сыйланды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Бишкектин бардык музейлеринде “Музейлер түнү” акциясы старт алды
Жээнбеков:
Жээнбеков:"Кызыл-Омподогу окуя жөн жерден саясатташып кетти"
Чачка арналган банан маскасы
Чачка арналган банан маскасы