Чыпалак баатыр: “Автограф бер деген күйөрмандар көбөйдү”(видео)

Чыпалак баатыр: “Автограф бер деген күйөрмандар көбөйдү”(видео)
23-Апр. 2019, Шейшемби, 16:48

Чыпалак баатыр ютуб каналына дагы бир жаңы видеосун жүктөдү.

Ал видеодо аты элге таанылып калган Чыпалак баатыр олуттуу басып, кеңсеге кирет,аны көргөн кыз кол тамга алуу үчүн анын артынан ээрчигени бар. Видеого “Фанаттарым менин канаттарым” деп жазган.

Чыпалак баатыр видеону жүктөгөндөн кийин:

“Кайда барбайын сүрөткө түшүп алалы, автограф бер деген эле күйөрмандарым көп. Анан интернетте көрсөм сасыткы жазгандар кайдан чыгат, билбейм. Же алар компьютеринин артындагы эле "клавиатура баатырларбы" ыя?”- деп жазды.

Чыпалак баатырды адаттагыдай эле колдогондор да, аны сынга алгандар да пикир калтырышты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!