Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”

Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
24-Апр. 2019, Шаршемби, 13:39

Май майрамдарын утурлай Кыргызстандагы куудулдардан Бишкек шаарынын элине “Мыскыл жана тамаша” күлкү, оюн зоок концерти тартууланат.

28-апрелде кечки саат 18.00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында белгилүү куудулдардан даярдалган “Мыскыл жана тамаша” күлкү, оюн-зоок концерти болот.

Бул концертке атактуу куудул Күмөндөр Абылов жана жаш куудул айымдардын командасы аткарат.

Алардын арасында белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова да бар.

“Оюн-күлкү такмаза, мыскыл жана тамаша, шаң тартуулайт сиздерге куудулдардан сатира “ деп айтылат жарнактарда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР