Анжелика менен казак ырчысы Кайрат Нуртас куда болмой болуштубу?

Анжелика менен казак ырчысы Кайрат Нуртас куда болмой болуштубу?
2-Май 2019, Бейшемби, 11:51

Кечээ, 1-майда Кожомкул атындагы Спорт ордосунда казак ырчысы Кайрат Нуртас үй-бүлөлүк концертин тартуулады.

Анда кыргыздын алдыңкы ырчылары да концерттин көркүн ачып, элге жакшы маанай тартуулашты. Бул концертте ырчы Анжелика да мыкты ырын аткарды. Бул концерт бүтөөрү менен өздүк баракчасына Кайрат Нуртастын кичиней кызы менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, «Эч кимге барбаган уялчаак кызым Айлин . Кайрат куда түшөбүз десе-түшүнгөнсүп жылмайып коёт»-деп тамаша иретинде билдирүү жазып калтырган. Бул билдирүүгө интернет колдонуучулар сүйүнүү менен карап, «Ий жөжө кыз бактылуу болуп чоңойсун» деген сындуу каалоолорун жазып калтырган.

Ошол эле күнү ырчы Анжелика өздүк баракчасына Кайрат Нуртастын жубайы жана балдары менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү. Интернет колдонуучулар эки айымдын сулуулугун, бири-бирине салыштырып талкууга алышты. Анда, «Биздин Анжелика баардык айымды жолго таштайт, жылдыздуу», «Кайраттын аялынан Анжелика бир топ сулуу»-деген пикирлерди жазса, Кайраттын күйөрмандары да «Кайраттын жубайы, Жылдыз татынакай, мага жагат»-деген пикирлерин калтырышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР