Влад Топалов жол кырсыгына кабылды

Влад Топалов жол кырсыгына кабылды
3-Май 2019, Жума, 17:30

Россиянын белгилүү ырчысы, актеру Влад Топалов кечээ жол кырсыгына кабылды.

Ал өзүнүн Инстаграм баракчасына таң атпай эртең мененки чиркөөгө барып, сыйынуудан кийин аэропортко аялы менен уулун тосуу үчүн унаасынын ылдамдыгын катуураак айдап баратканын айткан.

Аны капталынан башка унаа урган. Тилекке жараша эки унаанын тең айдоочулары аман-эсен калган. Топаловду сүзгөн унаанын айдоочусу пенсионер экени, жакында уулун жоготконун, кызы жана небереси менен жашаарын айтып, карыяга боору ооруп бүт чыгымды өзү көтөргөнүн жазды.

“Эми унааны ремонтко беришим керек. Кубанаарымды же кайгырарымды билбей турам. Бир чети аман калдык, ага кубанышым керек, бирок кырсыкка да кабылдык, өзүңөрдү жана жакындарыңарды сактагыла” деп жазган.

Ырчынын кырсыкка кабылганын уккан күйөрмандары ага ден-соолук каалашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!