Актилек Гүлжигит кызы: “Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду”

Актилек Гүлжигит кызы: “Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду”
4-Май 2019, Ишемби, 15:19

Белгилүү журналист, алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы фейсбук баракчасына балдарына ыраазы болуп, өткөн жашоосуна кылчайып карап, пост жазды.

"Раматылык жолдошум (жер кабар айтпасын) менен кыйсыпыр урушуп жашап жүргөндө, балдарым эс тартып калган экен. Арактын кесепетинен турмушта көп кыйынчылыктар болду. Сегиз жыл жашаган болсом, жарымынан көбү көзүм көгөрүп жүрдүм. Үйдө баары талкаланган. Менин көйгөйүм идиш-аяк, буюм-тайым эмес эле, мен балдарыма эмне тамак берем деп тыбырчылачумун. Мунун баарын балдарым көрүп эле чоңоюшту.
Мындай күндөрдүн биринде балдарымдын атасы келип, колумдагы күмүш шакекти сурады. "Сен аракка алмаштырып ичип коесуң!", - деп бербей койдум. Ал кезде күмүштүн баасы азыркыдан кымбатыраак болчу. Каршылык көрсөткөнүмө карабай колумдан жулуп кетип, ичип салган эле. Ошондо балдарымды кучактап алып, аябай ыйлаган элем.
Ушул окуя балдарымдын эсинде калган сыягы. Азыр акча үнөмдөп, көпкө топтоп жүрүп ар 2-3 айда шакек, сөйкө, мончок, шуру белек кыла турган болушту. Сүрөттөгү шакекти жаз майрамына карата беришкен. Колума тагып жатып, балам минтип айтты: "Апа, биз чоңойгондо чыныгы алтын, алмаздарды тагынасыз. Азырынча ушуну тагып туруңуз. Эч качан күмүш такпайсыз", - деди. Баламдын бул сөзү жүрөгүмдү тилип кетти да, келечекке болгон үмүтүмдү жандырды.
Балдарымдын азыртан мага жардамчы болуп жатканы бир чети кубандырат. Экинчи уулум кошуна-колоң, классташтарына майда-чүйдө сатып жүрүп 100 сомду 700 сом кылып көбөйтүптүр. Анын 470 сомуна жазга бут кийим алып, 30 сомун жолго иштетиптир. Эрте менен ишке жөнөп жатсам, жолго деп мага 200 сом берди. Элжиреп кеттим...
Карааныңардан кагылайындарым...” – деп жазды.

Актилек айымдын бул жазганына 800гө чукул “жакты” басылып, балдарын “Актилектин арстандары” деп алкап, жакшы каалоо-тилектерди айтышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Азия өнүктүрүү банкы республикалык бюджетти колдоого 50 млн доллар берет
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Момбеков: Лента кесип жыргап атасыңар, тушоо кесүү жагына барбасаңар болду
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Билл Гейтстен да “бай” бала бар
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Сүймөнкул Чокморовдун айкели жаңыланат
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Жээнбеков Япониянын Императорунун такка отуруу аземине катышты
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
Ичеги-карынды тазалоочу суусундук
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
​Жылдын мыкты дарбачысы талапкерлери аныкталды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Сынакка башкаларды киргизген депутат окууда чыгарылды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Рыскелди Момбеков транспорт министрин адвокат болбоого чакырды
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Кош бойлуу аялдар кандай тамактанган туура?
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
Дүйнөдөгү эң узак сапар: 19 саат 16 мүнөт асманда болушту
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
​Футболдун мээге зыяны аныкталды
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Айзада Тыныбекова: “Балдарымды тарбиялоо менен бирге киреше дагы табам”
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
Сот Алга Кылычовдун камактагы мөөнөтүн узартты
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
​ММА мелдешинде мушташ чыкты (видео)
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту
Бишкекте балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсү батирлүү болушту