Ырчы Максат Садырбеков бир айдан кийин үйлөнүү тоюн берет

Ырчы Максат Садырбеков  бир айдан кийин үйлөнүү тоюн берет
8-Май 2019, Шаршемби, 13:14

“Нон-Стоп” дуэтинин мурунку солисти, ырчы Максат Садырбеков Улуу Орозо Рамазан айы бүткөндөн кийин сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиевага баш кошоорун белгилүү бир ММК булактарына айткан.

Максат Садырбеков: “Орозо айы аяктагандан кийин Айсулуу экөөбүз бир башыбызды эки кылалы деп жатабыз, кыз узатуу тоюу болбойт, үйлөнүү тоюбуз эле болот. Той шоу-программалар менен коштолот, азыр тойго акырындан даярданып жатабыз,"- деп айтты.

Эскерте кетсек Максат Садырбеков ушул жылдын 31-декабрында сүйүктүүсү Айсулуунун колун сураганын инстаграм баракчасына жүктөп, элден ошол кезде эле жакшы каалоо тилектерди алган эле.

Ал эми Айсулуу жакында социалдык тармактагы баракчасына үлпөт көйнөк кийген сүрөтүн жүктөп, окурмандарына "Үлпөт тойго барпайган көйнөк ылайыктуубу?" деген суроо салган.

Ага чейин кенен көйнөк кийип түшкөн сүрөтүндө инстаграмдын катталуучулары аны кош бойлуусуңбу деген суроолорун жаадырышкан эле. Бирок Айсулуу бул суроону четке каккан.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР