Мирбек Атабеков: психологиялык жактан баары жабыр тартып турушат

Мирбек Атабеков: психологиялык жактан баары жабыр тартып турушат
13-Май 2019, Дүйшөмбү, 16:31

Ырчы Мирбек Атабеков бүгүн, 13-майда буга чейин, тактап айтканда 6-майда болуп өткөн тоноо фактысы тууралуу өзүнүн жеке баракчасына жазды.

"Урматтуу, мекендештер! Коомчулукта болуп жаткан апама жана апам жашаган биздин үйгө байланыштуу куралчан уурулар тобунун үйгө киргендиги боюнча төмөнкү маалыматты билдиргим келет. Чындыгында 5-майдан 6-майга караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан уурулар (каракчылар) кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуп, үркүтүү менен үйдөгү баардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Психологиялык жана физикалык жактан баары жабыр тартып турушат. Азыркы тапта өткөн окуя боюнча апам менен карындашым психологиялык жактан өзүнө келип калыптанууда. Жараткан Аллага миң мертебе шүгүрлөр болсун алардын аман калганы үчүн. Көрсөтмө боюнча кылмыштуу уурулардын тобу жогорку даярдыкта дыкаттык менен уюшулган. Учурда кылмышкерлерди күч органдары тарабынан табууга болгон баардык иш-аракеттер жүрүүдө. Мен жана менин үй-бүлөм күнөөлүүлөр табылганча ыйык рамазан айы өткөнчө жана жакындарымдын абалы туруктуу болгончо журналисттерден суранганбыз маалыматты таратпай турууну. Өзүмдүн атымдан жалпы жарандарга кайрылгым келет, мындай окуя сиздерде да болбош үчүн коопсуздукка көңүл бөлүңүздөр. Менимче дагы жакшы апам, карындашым аман калды кээде жоготуу болгон учурлар да болуп жатпайбы. Сураныч, сак болуңуздар, жакындарыңыздардын дени сак болсун. Акча, дүнүйө табылат бирок психологиялык жарат өмүр бою калат. Жашообузда биринчи жолу ушундай окуя болду. Чынында башыңа келмейинче башканын абалын сезбейт экенсиң. Ошондуктан, бийлик өкүлдөрүнөн, эл өкүлдөрүнөн сураныч милиция кызматкерлеринин укугун күчтөнтүңүздөр элибиздин тынчтыгы үчүн. Мисалга КРдин жаңы мыйзамы боюнча милиция кылмышкерди изилдөөгө берилмейинче кармоого укугу жок экен",-деп жазды ырчы.

Эске сала кетсек, ЖМКларда ырчы Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө уурулар кирип, жакындарын байлап, коркутуп, үйүн тоноп кеткендиги тууралуу маалымат тараган

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду