“Чыгыштын музыкалык уламыштары” аттуу концерт өттү

“Чыгыштын музыкалык уламыштары” аттуу концерт өттү
16-Май 2019, Бейшемби, 11:50

Россиянын Санкт-Петербург шаарында “Чыгыштын музыкалык уламыштары” аттуу түрк дүйнөсүнүн музыкалык концерти өттүп, ал жерде кыргызстандыктар катышышты.

Белгилей кетсек, бул иш-чараны эл аралык ТЮРКСОЙ уюму уюштарган. ТЮРКСОЙ билдиргендей концерттин репертуары Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжан жана Өзбекстандын музыкалык үлгүлөрүнөн түзүлдү. Концертке келгендер Узеир Гаджибеков, Кара Караев, Хасан Рзаев, Ариф Меликов, Васиф Адыгёзелов, Атай Огомбаев, Калый Молдобасанов, Мукан Тулебаев, Ахмет Жубанов сыяктуу атактуу композиторлордун чыгармаларына күбө болуп кайтышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР