Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жентек той беришти
17-Июнь 2019, Дүйшөмбү, 12:00

Кош жылдыздар Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова кызы Дариянын жентек тоюн берди. Той борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүп, түгөйлөрдүн туугандары, достору, санаалаштары, сахнадагы кесиптештери тойго күбө болушту

Той башталып, эл алдына ырчылар кызын көтөрүп, Умай эне, Бакай атанын коштоосунда кирди. Умай эне наристени жаман сөз, жаман көздөн алыс болсун деп маңдайына көө сүйкөө ырымын жасап, чачыла чачса, Бакай ата ак батасын берди. Үй-бүлө кызыл түстөгү окшош кийимди тандашкан.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова үстүбүздөгү жылдын 27-мартында кыздуу болушкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!