Айдана Дека «Star of Asia» фестивалынын статуэткасын алды

Айдана Дека «Star of Asia» фестивалынын статуэткасын алды
20-Июнь 2019, Бейшемби, 14:06

Казакстандын Алмата шаарында 15-16-июнда үчүнчү эл аралык “Star of Asia” музыкалык фестивалы өткөрүлдү. Ага кыргызстандык ырчы Айдана Дека жылдыз катары чакырылды.

“Star of Asia” жыл сайын болуучу эл аралык фестиваль жана ар жылы бийик тоодогу “Медеу” муз аятына 20 миңдей көрүүчүнү топтойт.

Айдана Дека фестивалдын статуэткасына ээ болду жана бул тууралуу сүрөтүн өзүнүн баракчасына жарыялады.

Эскерте кетсек, Айдана Дека“Кыздын сыры” аттуу ырын аткарагандан тартып күйөрмандардын сүйүктүү ырчысына айланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!