Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)

 Атай Өмүрзаковдун тобу Кытайдагы шоуда финалга чыкты (видео)
22-Июнь 2019, Ишемби, 15:21

Белгилүү бийчи Атай Өмүрзаковдун “Tотем шоу” тобу Кытайда өтүп жаткан “World’s Got Talent” таланттар шоусунун финалына чыкты. Бул тууралуу Атай өзүнүн социалдык баракчасына кабарлады.

““Totem Show” тобу «World’s Got Talent» шоу таланттарынын финалисти деп жарыяланды. Биз 2019-жылдын сезонунда бүт дүйнө боюнча артисттердин эң алдыңкы 8 тизмесине кирдик”,-деп жазды ал.

Долбоорго 50 өлкө катышкан. Жарым финалда “Totem Show” тобу Венгрия, Монголия, АКШ, Испания жана Ирландиянын шоу таланттарынын жеңүүчүлөрү менен ат салышкан.

“Биз учурда 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында өтө турган финалга даярданып жатабыз”,-деп жазды Атай.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!