Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?

Асема Токтобекова жашоо тууралуу эмне дейт?
25-Июнь 2019, Шейшемби, 22:23

Кино жана театр актрисасы, ырчы Асема Токтобекова күйөрмандарына дайыма кызыктуу посттору менен бөлүшүп келет. Бул ирет жашоодо болуп жаткан окуялар жана ойдун күчү тууралуу пикирин бөлүштү.

“Жашооңузда болуп жаткандын баарын өзүңүз тартып келесиз. Оюңузда ойлогон образдардын күчү менен тартып келесиз. Сиздин жашооңуз бул сиз ойлогон нерсе”,- деп жазды Асема.

Асеманын бул пикирин колдогондор көп болууда.

Эскерте кетсек, Кинематографисттер союзунун мүчөсү Асема Токтобекова 1986-жылы 25-июлда Бишкек шаарында төрөлгөн. 2008-жылы "Боз салкын" тасмасындагы мыкты ролу үчүн Баку шаарында өткөн "Восток-Запад" эл аралык кинофестивалында "Эң назик образ" байгесине ээ болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!