Гүлзат Мамытбек: Кыргыздарымдын арасында жүргүм келет

Гүлзат Мамытбек: Кыргыздарымдын арасында жүргүм келет
26-Июнь 2019, Шаршемби, 21:16

Өзүн “ааламдын деми” деп атаган айтылуу блогер Гүлзат Мамытбек таанымал болуунун начар жактары тууралуу оюн бөлүштү.

“Таанымал болгон менен белгилүү болгондун өзүнүн жаман жагы бар. Сен ар дайым жашынып, көз айнек тагып жүрүшүң керек, болбосо жүгүрүп келишип, сүрөткө түшкүлөрү келип, кеңеш сурашып, жаныңда болгулары келишет. Бирок мен дагы адаммын. Өзүмдүн мейкиндигим, эркиндигим керек. Элдердин арасында, кыргыздарымдын арасында жүргүм келет. Көз айнек тагынбай, жашырынбай. Кымбаттууларым, менин мага жөн гана силердин араңарда болууга мүмкүндүк бергилечи”,-деп өтүндү Гүлзат Мамытбек.

Белгилей кетсек, блогер жакында Бишкекте өзүнүн алгачкы жеке концертин берүүгө кызуу даярданып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!