Джерард Батлер бала багып алууну пландоодо

 Джерард Батлер бала багып алууну пландоодо
4-Июль 2019, Бейшемби, 12:22

49 жаштагы атактуу актер Джерард Батлер бала багып алууну пландоодо. Тагыраак айтканда, ал Африка өлкөсүнүн Чыгыш тарабында, ата-энеси жок, жетим калган баланы асырап алуу боюнча документин тапшырган.

Эскерте кетсек, Джерардын учурда өзүнүн бир да баласы жок. Ал жок дегенде бир бала үйлүү жана үй-бүлөлүү болушун каалап жаткандыгын билдирди.

Маалыматтарга ылайык, актердун сүйлөшкөн кызы Морган Браун баккан энеси аталмакчы.

Браун менен Джерард 2014-жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп келишет. Алар ортодо эки ажырым жолго түшүп, жакында эле кайра чогуу болгондору айтылат.

"Джерард эмне себептен Африка өлкөсүн тандап алды?-деген суроо сизди кызыктырып жатса керек. Анын себеби, аталган актер көп жылдан бери Либерия элине кайрымдуулук жасап келет.

2010-жылы “Mary’s Meals” уюму менен бирге ачка калган калктын катмарына бекер азык-түлүк жеткирип келген. Бул жумушу менен Джерард ырахат аларын да айткан.

Ошондой эле ал балдарга тамак жасаганды үйрөтүп, айрым учурда окутуп жана алар менен футбол ойногонду жактырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!