Эң көп акы төлөнгөн дүйнө жылдыздары аныкталды

Эң көп акы төлөнгөн дүйнө жылдыздары аныкталды
12-Июль 2019, Жума, 12:18

“FORBES” журналы эң көп акы төлөнгөн дүйнө жылдыздарын аныктады. Сап башында Тейлор Свифт турат. Ал 12 ай ичинде 185 миллион доллар тапкан.

Экинчи орунда америкалык топ-модель жана косметикалык каражаттын ээси Кайли Дженнер 170 миллион кирешеси менен багындырган.

Үчүнчү орунда болсо, рэпер Канье Уэст турат. Анын кирешеси 150 миллион долларды чапчыйт.

Ал эми бешинчи сапта аргентиналык футболист Лионель Месси (127 миллион доллар) турат. Андан кийинки орунду британиялык поп ырчы Эд Ширан (110 миллион доллар) багындырды.

Эске салсак, алдыңкы жүз эң көп акы төлөнгөн атактуулар же музыкант же спортсмендер.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!