Назира Айтбекова: Сулуу болсом эле бактым тоодой дебеңиз!

Назира Айтбекова: Сулуу болсом эле бактым тоодой дебеңиз!
30-Июль 2019, Шейшемби, 16:12

Алып баруучу Назира Айтбекова өзүнүн кызыктуу ойлорун окурмандарга бөлүшүп турат. Бул ирет ал аялзатынын сулуулугу, жалгыздыгы тууралуу пикирин билдирди.

“Сулуу болбой, жылуу болуу керек экен.Сулуулук бир нече күнгө суктанып бүткүчө эле. Жылуулук, мээрим, сүйүү бар жерге адам түбөлүк байлангысы келет. Жашоомдо көп сулуу аял көрдүм. Чырайын чайга чылап ичкиң келет. Өңгөч тарттырган сулуулук. Бирок жалгыз. Өмүрү өткүчө бир дагы эркек жандабай жалгыз өткөн. Жыландай сулуу бирок муздак анткени. Өңү серт болгону менен жылуулук тартуулаган аялдарды да көп көрдүм. Чийип койгон эрежеңе сыйбайт сулуулук боюнча. Бирок көздөрүндө ушунчалык чоң мээрим жатат. Тизесине башыңды жөлөп сылаткың бар саамайыңды. Андай айымдан куусаң да кетпесе керек эркеги. Кеткен күндө деле жылуулугун издеп кайра келер. Моделдер бар дүйнөдө! Аларды тиктеп Жараткандын жаратмандыгына баа бересиң. Кынаптап жасалган сындуу. Чекесинде жылдызы жок. Маңдайына таалай бүтпөй, жалгыздыктын курчоосунда калган. Бекеринен кара кыздын агынан эмес багынан дебесе керек. Сулуу болсом эле бактым тоодой болот деп ойлобоңуз ошон үчүн”,-деген кезектеги пикирин бөлүштү блогер.

Адаттагыдай эле күйөрмандары аны кызуу талкууга алышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Борончу Кудайбергенов  МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Борончу Кудайбергенов МАИ кызматкерлерине кайрылуу жасады
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Эмил Эсеналиевдин жубайы көз жарды
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары үчүн антикоррупциялык пландар иштелип чыгат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
Бишкекте Москва күндөрү аталышындагы иш-чара өтөт
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
​Дүйнөдөгү боюу узун футболчулар
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Таласта өтчү Көчмөндөр оюндарына ыктыярчылар керек
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
Макгрегор: Хабиб менен реваншка чыгып, чемпиондук наамды кайтаргым келет
 ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
ИИМ: Богатырев жана Турдукулов күбө катары сурак берип чыгышты
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
«Salam» брендинин SIM-карталары сатыла баштады
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?