Анжелика: Байдын жубайы болгон эмесмин, ай сайын кредит төлөйм

Анжелика: Байдын жубайы болгон эмесмин, ай сайын кредит төлөйм
31-Июль 2019, Шаршемби, 12:19

Атактуу ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн жашоосу, аткарган иштери жана үй-бүлөсү тууралуу жаңылыктары менен күйөрмандарына такай бөлүшүп келет. Бул жолу жашоосу жана аткарып жаткан иштери тууралуу агынан жарылды.

““Сага да, мага да күн бирдей тиет” демекчи, көпчүлүк ойлогондой «алма быш - оозума түш» деп коюп отура бербестен, тыныраак жашагандардын катарын толуктайын деп, кооз сүрөттөрүмө карама-каршы иштейм. Жашоодо ар бир күнүмдү алдын ала пландап кадам таштайм, алымдын жетишинче. Кээ бирлер жазгандай мен обу жоктонуп акча чачпайм.

Себеби, бала кезден бери акча кандай кыйын жол менен табылаарын билем. Байдын кызы же жубайы болгон эмесмин. Бүгүнкү күндө көптөрдүн айтуусу боюнча «бирөө үйүн, унаасын белек кылган экен» деген ушак жалган. Ай сайын төлөчү кредиттерим бар, үч кызымды эч нерседен кем кылбай бакканга коротчу чыгашаларым бар. Жүрөгүм менен ийилип ата-эне, бир туугандарыма каралашам, беш оор жашоонун сыноосундагы үй-бүлөлөргө каралашам. “Бактылуу айым” долбоору жабылбаш үчүн өзүм каржылайм, беш жардамчыма айлык акы төлөп, отуз адамды жумуш оруну менен камсыздайм. Кантип эле жетишесиң?-дегендерге ар дайым айтам: Дал ушундай жашоону кыялдангам, кылган ишим өзүмө жагат» деп. Мен он жумушта иштейм! Көп жоопкерчилик бар болгон үчүн, көп иштеп, көп ийгилик жаратам деген ойдомун.

Жакында спикер болуп, Москвага кетип жатам. Ийгилик каалап коюңуздар”,-деп билдирди ырчы айым.

Окурмандар ага ийгиликтерди каалашууда.

Белгилей кетсек, Анжелика Кайратова ырчы гана эмес алып баруучу, реалити долбоорлордун автору, Айым-Style борборунун негиздөөчүсү, актриса жана продюсер катары да иш алып барып келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Диего Марадона Венесуэла курамын башкаруудан баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Дубайдын аэропорту желимден баш тартты
Коронавирус Австралияга жетти
Коронавирус Австралияга жетти
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
​Бокс тарыхынын оюн-зооктуу мушкери (видео)
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Түркиядагы жер титирөөнүн курмандыктары 20га жетти
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Аскаров: Логистикалык борборду куруу боюнча келишимде купуялуулук эч нерсе жок
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Шашылыш билдирүү: тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Президент Тигран Саркисянды «Данк» медалы менен сыйлады
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
Өкмөт инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда элдин кызыкчылыгын жогору коёт
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
​Усэйн Болт жакында ата болоорун айтты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Жээнбеков менен Рахмон чек ара алакасын бекемдөө чараларын талкуулашты
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирустан сактануунун жолдорун сунуштады
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
​Неймар тууралуу документалдык тасма тартылууда
"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Назира Айтбекова: Апам түгөй күтүп, бактылуу болуусу абзел!
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады
Финполиция Бишкекте мыйзамсыз бензин сатып жаткан түйүндү аныктады