Чолпон-Атада "Борончу фест" эл аралык күлкү фестивалы өткөрүлөт

Чолпон-Атада
8-Авг. 2019, Бейшемби, 14:26

10-август күнү Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында эл аралык "Борончу фест" күлкү фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Аталган фестивалга Казакстандан, Өзбекстандан жана башка өлкөлөрдөн дагы көптөгөн куудулдар, ырчылар катышат. Тактап айтканда, Казакстандан куудулдар Улан Нусипалиев, Дархан Дайырбеков, өзбекстандык куудулдар Уткир Мухамедходжаев, Аваз Охун, кыргызстандык куудулдар Борончу Кудайбергенов, Жамбыл Камчиев, Рахман Разыков, Күмөндөр Абылов, Абдылда Иманкулов, Жаңыл Кудайбергенова, Абды Кадырматов жана башкалар оюн-тамаша тартуулашмакчы.

Ошондой эле ата-мекендик жылдыздар Мерген Турган, Асел Турдалиева, Сайкал Садыбакасова, Курал Чокоев, Нэна, Назми Байзакова көрүүчүлөргө ыр сунуштайт. Мындан тышкары эл аралык 1-күлкү фестивалына “Ар бир айдын алтысы” тобунун куудулдарды да катышат.

Иш-чара саат 19:30да башталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!