Дэвид жана Виктория Бекхэм балдары менен Италияда эс алууда

Дэвид жана Виктория Бекхэм балдары менен Италияда эс алууда
8-Авг. 2019, Бейшемби, 14:38

Жаңы эле Майамиден келген Дэвид жана Виктория Бекхэм үй-бүлөсү менен чогуу жаңы саякатка чыгышты. Бул ирет аларды бир гана кичине балдары коштобой, чоң балдары менен чогуу эс алууга чыккандыгы айтылууда.

Тагыраак айтканда, 16 жаштагы Ромео, 14 жаштагы Круз, 8 жаштагы Харпер жана 20 жаштагы Бруклин. Алар үй-булөлүк толук түзүм менен Италия өлкөсүнө саякатка чыгышкан. “Апулия” регионун тандап алгандыгы айтылууда. Анткени ал жердин пляжынын куму майда жана суусу абдан тунук.

Бул боюнча Бекхэмдин үй-бүлөсү толугу менен өзүнүн “Инстаграм” баракчасы аркылуу кеңири бөлүшүп жаткан учур. Күндүзү алар деңизге сууга түшүп, сапсерфинг ойноп жатышса, кечкисин Италиянын кооздугуна суктанып, түрдүү кафелерден даам сызып жаткан учур.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!