Асел Кадырбекова: Провокацияга алдырбаңыздар!

Асел Кадырбекова: Провокацияга алдырбаңыздар!
8-Авг. 2019, Бейшемби, 17:14

Таланттуу ырчы Нурлан Насиптин жубайы Асел Кадырбекова Кой-Ташта болуп жаткан жагдайга байланыштуу элге кайрылып, тынчтыкка чакырды.

“Бул эки президенттин тиреши. Провокацияга алдырбаңыздар. Бирөөгө пешка болбойлу. Кыргызстан үчүнчү революцияны көтөрө албайт. Иран, Сирия өлкөлөрүн көрүп жүрөгүң ооруйт. Ошондой өлкө болуп калбайлы, туугандар. Ынтымак болсун. Тынчтык болсун өлкөбүздө!”,-деп билдирди Асел Кадырбекова.

Кечээ, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үйүнөн кармоо операциясы учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы аскери көз жумган. Атайын операцияда 40тан ашык адам ар кандай жаракат алган.

Ырчылар, шоу-бизнестин өкүлдөрү, блогерлер баары элди тынчтыкка, ынтымакка чакырууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!