Москва шаарында "Тамашоу Кубогу" өткөрүлөт

 Москва шаарында
9-Авг. 2019, Жума, 12:49

31-август күнү Москва шаарындагы РУТ маданият борборунда "Тамашоу Кубогу" өткөрүлөт. Бул тууралуу Тамашоунун президенти, КРнын маданиятынын мыктысы Эрмек Нурбаев билдирди.

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата, 31-август күнү Москва шаарында "Тамашоу Кубогу" өткөрүлмөкчү. Бардык командаларга ийгилик! Мыктысы жеңсин!”,-дейт Нурбаев.

Кубокко “Теңдик”, “Базар жок”, “Ак калпак”, “Биг лайф”, “Баткен жаштары” жана башка командалар катышып, ат салышат.

Эскерте кетсек, Тамашоу - Кыргызстандагы белгилүү оюндардын бири. Тамашоудо ар-түрдүү чөйрөнүн командалары ар кандай темага импровизациялоо, берилген суроолорго күлкүлүү жооп берүү, атайын даярдалган интермедиаларды коюу жана башкаларды аткаруу менен жарышышат. Негиздөөчүлөрү - Арслан Ибрагимов, Эрмек Нурбаев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!