Алишер Тоотаев “Жүз жылдар” деп аталган жаңы клибин сунуштады (видео)

Алишер Тоотаев “Жүз жылдар” деп аталган жаңы клибин сунуштады (видео)
9-Авг. 2019, Жума, 14:06

Обончу жана ырчы Алишер Тоотаев “Жүз жылдар” деп аталган обонуна клип тартып көрүүчүлөргө сунуштады. Бул тууралуу обончу өзү билдирди.

Клиптин мазмуну тууралуу кыскача: “Сүйүү... Бизге чейин, бизде жана бизден кийин да боло берет”,-деп билдирди.

Ырдын сөзү Сүйүнбай Эралиевге, обону Алишер Тоотаевге таандык.

Алишер Тоотаев элге “Күтүшкөн күндөр”, “Турмуш”, “Өмүр”, “Келин келди” жана башка ырлары, обондору менен кеңири таанымал. Ал 1982-жылы 4-майда Ош областынын Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында туулган. Репертуарында мекен жана турмуш тууралуу ырлар көбүрөөк басымдуулук кылат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!