Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”

Назира Айтбекова: “Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?..”
19-Авг. 2019, Дүйшөмбү, 16:58

Белгилүү теле алып баруучу, блогер Назира Айтбекова фейсбуктагы өзүнүн жеке баракчасына КР эл артисти Табылды Актанов менен түшкөн сүрөтүн жүктөп буларды жазды:

- Авам, тарыхта калаарыңызды билесизби?
Башын шылкыйтып, кичинекей балача, - Кайдан билмек элем?

- А мен билем! Сиз сөзсүз тарыхта чоң орду бар адам катары каласыз. Сиз китептерде болосуз. Сиз жөнүндө аңыз кептер айтылат.

- Мен өлгөндө тарыхка калгандын кажети канча? Сыйласаңар, тирүүмдө сыйлагыла да...

Унчукпай жылмаябыз. Ичибизде экөөбүз тең тирүүлүктө эч ким эч кимди сыйлабаарын, барктабасын жакшы билебиз...өкүнүчтүү!

Улуу муун менен сүйлөшкөн жагат. Өзгөчө ал муун көрөңгөлүү, көсөм, оозунда сөзү бар, дилинде көзү бар адам болсо. Жан дүйнөмө көрөңгө жугузам. Накыл кебин түйүп алам. Тажрыйбасына саресеп салам, өзүмчө калчайм. Жашоомдо колдоном. Азсыңар бирок силер. Топтошкон топтун ичинде жалтылдап чала жанып, чала акылдардын чаңынан көрүнбөй, бекинесиңер...

Сүрөттө КР эл артиси Табылды Актанов менен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Турускулов: Парламент  менен Өкмөт  бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Турускулов: Парламент менен Өкмөт бизнес өкүлдөрүнө жөлөк болуп бериши керек
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Жээнбеков менен Путин эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулашты
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Премьер-министрди шоу көрсөткөнгө айыптады (видео)
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
Жумабеков: Парламентти таратууга эч кандай негиз жок
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
21-сентябрь: абанын температурасы +35 градуска чейин ысыйт
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Аксынын өнөрпоздору Өзгөндүн өнөрпоздорун мелдешке чакырды
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Мышык багып алып ден соолугуңузга кам көрүңүз!
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
Бишкекте «Кан басымыңды билип ал» акциясы өтөт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
“Huawei Mate 30” смартфону Европада сатылбайт
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Сүймөнкул Чокморовго окшошкусу келген Курал Чокоев (фото)
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
Үч облустун керектөөсүнө ашык энергия короткон 45 компания жабылды
 Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Добр менен Тайбас саясатты ырдашты (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
Төкмө акын Аалы Туткучев эстрада жылдызы болобу? (видео)
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
АКШ НЛОнун бар экенине ынанды
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Лионель ​Месси жеке кийим бренддин ачты
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды
Абылгазиев жол кыймылын оптималдаштырууну тапшырды