“Айтыш-2019” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Айтыш-2019”  сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 13:43

31-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына карата уюштурулган XIII эл аралык "Айтыш-2019" сынагы болуп өттү. Айтышка Казак өлкөсүнүн 8 жана Кыргыз өлкөсүнөн 8 акын катышты.

Эки күн өткөн бул сынактан кийин финалга кыргыз-казактын актаңдай акындары чыгышкан. Алар:

1. Жеңишбек Жумакадыр

2. Азамат Болгонбаев

3. Асылбек Маратов

4. Эламан Келдибеков

5. Айнур Турсунбаева

6. Балгынбек Имаш

7. Мухтар Ниязов

8. Жандарбек Булгаков

Кыргыз-казак айтышы жогорку денгээлде өтүп, акындар өздөрүнүн дараметин көргөзө алышты. Жыйынтыгында, кош баш байгени казак акыны Айнура Турсунбаева менен кыргыз акыны Жеңишбек Жумакадыр алды. 1-орунга Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаков, 2-орунга Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов ээ болсо, 3-орунга Эламан Келдибеков менен Балгынбек Имаш татыктуу болду.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!