Илим Карыпбеков “Путиндин чокусун” багындырды

Илим Карыпбеков “Путиндин чокусун” багындырды
2-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 17:45

КТРКнын экс-директору Илим Карыпбеков жакында эле Кыргызстандын тоолорундагы “Путиндин чокусун” багындырган видеосун жүктөдү.

Анда Илим мырза тоого чыккан видеосун жүктөп, тоонун бийиктиги 4451 метр экенин жазган. Бул чоку абдан татаал экенин, ага чыгуу үчүн сегиз саат убакыт өткөнүн, ал эми ортодо жолдон адашкандарын да жазган. Бул чоку абдан кооз экен, аны сөз менен жеткирүү мүмкүн эмес дейт. Тилекке жараша аба-ырайы да мыкты болуп, аны менен барган достору төрт жолу аракет кылып, бирок жете албаганын жазды.

Видеодо шамалдан улам Илим мырзанын сүйлөгөндөрү даана угулбай калган.

Эскерте кетсек, Илим Карыпбеков КТРКнын жетекчилик кызматынан кеткенден бери интернетте активдүү колдонуучулардын бири.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР