Назира Айтбекова: Биздин өлкөдө депутат болуш сонун!

Назира Айтбекова: Биздин өлкөдө депутат болуш сонун!
3-Сен. 2019, Шейшемби, 12:48

Белгилүү теле алып баруучу, актриса, журналист-блогер Назира Айтбекова келээрки күздө боло турган шайлоо тууралуу, азил-чыны аралаш, какшык түрүндө фейсбук баракчасына пикир калтырды.

Ал: “Биздин өлкөдө депутат болуш сонун. Эң оор жумушуң костюм - шым кийип, кнопка басып коесуң. Кээде - кээде кагазыңды чыгарып бирдемелерди окуп коюш керек. А эгер мурун адабияттан "беш" алып, такалбай, көркөм окуп жүрсөң, пашти што (почти что) кыйын депутаттардын катарына кошуласың. Актердук чеберчилигиң болсо, ващще (вообще) кыйынсың эй! Просто эле күпүлдөп, каардуу сүр көргөзүп, а түгүл кээ бир жерде уялып койсоң, каааңкретно (конкретно) депутасың! Вооот. Эс алганга элестет 500.000 сом берет. Анткени өлө иштеп атпайсыңбы! Мыйзам чыгарып жинди болуптурсуңбу?! Толтура мыйзам иштелбей жатса. Просто жыйында олтургуч бош калбаш керек да. Анда - санда бош жаткандан көрө барып кой и все! Ес чо (если что) жумуш таппай жүрсөңөр, шайлоо жакындап келтат. (келе жатат). Ойлонуп көргүлө а так..)”- деп жазды.

Эскерте кетсек, ЖК депутаттыгына шайлоо келээрки 2020-жылы күз айларында өтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР