Сьездбек Искеналиев: Кошоматчылыктын чеги болот

Сьездбек Искеналиев: Кошоматчылыктын чеги болот
4-Сен. 2019, Шаршемби, 11:54

Атактуу эстрада ырчысы Сьездбек Искеналиев коомдо болуп жаткан окуяларга кайдыгер карабай, өз пикирин интернет баракчасына жазып турат.

Бүгүн Кыргызстандагы кайсы бир райондун акими тууралуу сын жазып, бирок анын аты-жөнү тууралуу айткан жок.


Мамлекеттик иш-чараны сөзсүз профессионал алып баруучу алып барышы керек. Кечээ бир райондун "АКИМИ" калчылдап, апкаарып, жоопкерчилик алып алган экен. Уважаемый! Өз ордуңузду билип жүрүңүз. Сизде алып баруучулук жөндөм такыр жок. Ошончолук эле чоңдорго жаккыңыз келип жатса, алып баруучу болбой эле иш менен көрсөтүп жүрүңүз. Кошоматчылыктын деле чеги болот”,- деп жазганы коомчулукту ойго салды.

Ырчы ким жөнүндө айткысы келген белгисиз. Айтор бул сын кимге айтылса да ээсин тапты көрүнөт.

Мындан мурунураак жазган башка посттунда ырчы Сьездбек Искеналиев 27-сентябрда Бишкектеги белгилүү ресторандардын биринде жаңы ырларын элге тартуулай турганын кабарлаган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР