Казакстандын кичинекей ырчысын Игорь Крутой окутат

  Казакстандын кичинекей ырчысын Игорь Крутой окутат
4-Сен. 2019, Шаршемби, 14:44

Россияда өткөн “Голос.Дети” сынагында алдыңкы орундардын бирин алган казактын кичинекей ырчысы 12 жаштагы Ержан Максим Москвага көчүп кетти.

Кичинекей Ержан Россияда Игорь Крутой колдоого алып, музыкалык академияда билимин өркүндөтөт.

Ержандын Россияга көчүп кетерин уккан анын күйөрмандары “Адегенде Димаш, андан кийин Ержан, казактар азамат!” деп жазып чыгышты интернетке.

Ержандын апасы Гулмира Алибек “Биз Американы ачып жаткан жокпуз, азырынча үй-бүлөбүз менен Москвага көчүп жатабыз”,-деп жазды.

Ырчынын ата-энесинин айтымында Россиянын борборуна баруу алардын таланттуу баласынын келечеги үчүн чоң мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Ержан бир да музыкалык окуу жайдан билим алган эмес. Ал казактардын тоюнда гана ырдап жүргөнүн айтат ата-энеси. Эми анын талантын өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө.

Эскерте кетсек, казактын жаш ырчысы Димаш Кудайбергенди да орустун атактуу композитору, продюссер Игорь Крутой да алып, анын атын алыска тааныткан эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР