Өзгөндөн чыккан өнөрпоздор өзгөчө белек тартуулашты

Өзгөндөн чыккан өнөрпоздор өзгөчө белек тартуулашты
5-Сен. 2019, Бейшемби, 11:34

Өзгөн районунан чыккан белгилүү чыгармачыл инсандар билим берүү тармагындагы кызматкерлерди, окуучуларды билим күнү менен куттуктап, өзгөчө белек жасашты.

Бул өрөөндөн чыккан ырчылар видео даярдап, аны социалдык тармактагы баракчаларына таратышты. Видеодо белгилүү ырчылар ак көйнөк, кара шым кийип, моюнуна кызыл галстук байлап, совет мезгилинде пионерлер ырдаган ырды хор менен ырдаганын көрүүгө болот.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева “пионер вожатыйдын” ролун аткарып, катарда турган ырчылар менен кошо ырдаган.

Эскерте кетсек, Өзгөндөн чыккан өнөрпоздордун ынтымактуу шеринеси ай сайын өткөрүлүп турат. Мектептеги окуучулук күндөрдү эскерүү чогулган топтун демилгеси менен болгон.

Өзгөндөн чыккан атактуу өнөрпоздорунун катарын Алтынай Нарбаева, Гүлзада Рыскулова, Кенже Дүйшеева, Кыздаркан Келдибекова, Данияр Эрматов, Дайыр Исмадияров, Аваз Акимов, KG Элмурат, Гүлназ Чыныбек кызы, Эрнис Бөрүбаев толуктайт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР