Ырчы Талант 60К: “Мен үй-бүлөм менен бактылуумун!”

Ырчы Талант 60К: “Мен үй-бүлөм менен бактылуумун!”
5-Сен. 2019, Бейшемби, 17:03

Ырчылар Талант 60К менен Айя Садырованын чогуу түшкөн сүрөтү интернетте катуу талкууга алынды.

Негизи ырчы Талант 60К жубайы менен ынтымактуу жашап жатканын айтканы бар. Бирок ырчынын келинчегим кызганчаак деген сөзүн кармаган айрым күйөрмандар анын ырчы Айя Садырова менен түшкөн сүрөтүн талкуулап: “Талант үй-булөсүн таштап кеттиби” дегендей жагымсыз пикирлерди калтырышкан.

Ар кандай сын пикирлерди уккан ырчы Талант 60К минтип жооп берди: «Таак! Эмнеден баштасам экен? Бул постту мен ою арам, бекерчи, кыларга иши жок жана бирөөнүн үй-бүлөсүнө мурдун тыккандарга арнайм. Мен аялым менен ажырашып, Айяга үйлөнүп алыптыр дегендер, оозуңарга таш! Силерге Жаратканым жүрөгүңөргө бир гана ыйман берсин. Мен үй-бүлөм менен бактылуумун!»-деп билдирүү жазып калтырды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР