Ырчы Алтынай Нарбаева кандай мугалим болду?

Ырчы Алтынай Нарбаева кандай мугалим болду?
6-Сен. 2019, Жума, 12:56

Өзгөндөн чыккан өнөрпоздор жума башында билим күнүнө карата “пионер” болуп хор ырдашкан эле.

Ал эми кечээ ырчы Алтынай Нарбаева кантип мугалим болгону, жаш чыгармачыл ырчылар кантип окуучу болгону, форма кийип келбеген баланы кантип жазалаганы тууралуу кыскача ролик тартып, элдин көңүлүн көтөрүштү.

Мектепке кечигип келген Эрнис Бөрүбаевдин мугалим эжейи Алтынай Нарбаевага айткан күлкүлүү жоруктары элдин көңүлүн бурду.

Эскерте кетсек, “Өзгөн өнөрпоздору” деген аталышта бул өрөөндөн чыккан чыгармачыл инсандар буга чейин да далай роликтерди элге сунушташкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР