Тамада Жылдызбек Турсунбаев неге нааразы?

Тамада Жылдызбек Турсунбаев неге нааразы?
6-Сен. 2019, Жума, 16:01

Белгилүү шоумен, далай тойлордун көркүн ачкан тамада Жылдызбек Турсунбаев тойдун катышуучуларына карата нааразычылык пикирин жазып чыкты.

“Тойго келип ырдагысы келген коноктор суранам, караокеге барып бугуңарды чыгарып алгылачы. Бирөөнүн ырдаганын бирөө уккусу келген заман эмес. Анын үстүнө азыр той деген мурункудай карпа-курпа уюштурулбай калган. Баары орду, сааты, ырчылары менен сценарий түзүлүп, той ээлерине кайра-кайра жолугуп атып, анан ишке ашырылат. Той өткөрүү маданиятыбыз жогорулаганга жараша айрым меймандардын тойдо конок болуу маданиятынын 10 жыл артта калып калганына зээниң кейийт”,- деген.

Тамада Турсунбаевдин бул айткандарын “туура айттыңыз” деп колдогондор, тескерисинче “тойго баргандан кийин ырдап, бийлеп эс алып кетиш керек”,- деген пикирин билдиргендер болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР