Тимур Маматкулов: “Курманжан датка” тасмасында 7-8 ролду аткардым

 Тимур Маматкулов: “Курманжан датка” тасмасында 7-8 ролду аткардым
7-Сен. 2019, Ишемби, 12:47

Акыркы кездерде тартылып жаткан кыргыз тасмаларында мыкты ролдорду жаратып, музыкалык клиптерге, ар кандай социалдык роликтерге тартылган актер Тимур Маматкуловдун ысымы Кыргызстанга таанымал болуп калды. Ош шаарында жашап, эмгектенген актерду Бишкек шаарына келип, киного тартылып жаткан жеринен zaman.kg маалымат агенттиги маекке тартты.

- Тимур мырза, өзүңүз тууралуу кыскача окурмандарга кыскача маалымат берсеңиз?

-Мен Токтоболот Абдумомунов атындагы театралдык окуу жайды аяктагам. Окуу жайды аяктагандан кийин Москвадагы Щепкин атындагы окуу жайга тапшырып, өтүп, бирок окууну жаштык кылып улантпай калгам. Бул окуу жайга өткөнүм менен бир да жолу басып барган жокмун. Анан кийин Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында иштедим. Ал жакта 3 жылдай иштеп, Бишкектеги Кыргыз улуттук университеттин юридикалык факультетинде окудум. Андан кийин ошол кезде эл катары Россияга иштегени барып келдим. Россиядан келгенден кийин Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында иштедим. Учурда Ош мамлекеттик университетинде киноакадемияда сабак берем. Ош улуттук драма театрынан чыкканыма эки-үч жыл болуп калды. Баткен театрында да келишим менен иштеп калдым. Ош драма театрында “Жаза”, “Сыйкырлуу тарсылдак”, “Кар Ханышасы”,“Буратино” деген спектаклди, ырчы Самара Каримованын алгачкы концертин койгом.

- Сизди акыркы кездерде тартылып жаткан тасмалардан, видео роликтерден, ырчылардын клиптеринен көрүп калабыз, баш аягы канча тасмага тартылдыңыз?

-Баш-аягы отузга чукул тасмага тартылдым. Алардын арасында “Курманжан Датка”, “Президент жана бомж”,“Сен экөөбүз” жана башка тасмалар бар. Азыркы учурда да драматург, режиссер Жаныш Кулмамбетовдун “Америкалык келин” деген тасмада баш каармандардын биринде ойноп атам. Тасма тартылып, ортосуна жетип калды. Америкалык кызды сүйүп калган кыргыз жигиттин бир тууган агасынын ролун ойноп жатам.

- Эмне үчүн сиз чыгармачылыкка таптакыр кошпогон юридика факультетинде окуп калдыңыз? Эмнеге юрист болуп ал кесибиңизди кайра уланткан жоксуз?

- Мен театралдык окуу жайды аяктаган мезгилде Союз жаңы тарап, Кыргызстан эгемендүүлүктү эми гана алган, искусство да абдан оор акыбалда болчу. Ошол убакта элдин бардыгы юридикалык факультетке тапшыра башташкан. Эл катары мен дагы юридикалык факультетке тапшырсам, прокурор же сот болсом бай болом, элден “пара” алам деген оюм бар болчу чынында (күлдү). Ошол кезде окууга тапшыргандардын көбү эле ошентип ойлошчу. Жаш экенбиз, көп нерсени түшүнбөптүрбүз. Университетте окуп жүргөндө практикадан өткөндө эле ушул кесип мага таптакыр жакпады. Бирок ошол окуу жайды аяктап, дипломду араң дегенде алдым, убагында кыйналып, окуунун акчасын төгө албай калган да учур болду. Бишкектен Оштогу университетке которулуп атып, акыры аяктадым.


- Чыгармачылыктан ушунча жыл аралашып жүрүп эмнени жоготтуңуз, эмнени таптыңыз?

- Жашоомду чыгармачылыкка арнап, көп дос, тааныш күттүм. Материалдык жактан эле кичине кыйналбасам жоготуу болгон жок. Искусство, маданият Кыргызстанда мышык ыйлаарлык эле абалда эмеспи. Айлыктан айлыкка жашаш кыйын. Ал эми жоготууну айтсам, убактыбыз, жашыбыз өтүп баратат башкалардай эле. Мен чыгармачылыктан муну же тигини жоготтум деп айталбайм.Чыгармачылык ой жүгүртүү кеңейди, тажрыйба топтодум.Дайыма окуу процесстин үстүндөсүң.

-Чыгармачылыктан материалдык жактан кыйналган учурлар болуп калат деп жатпайсызбы, учурда айрым ырчы-чоорчулар, артисттер тамада болуп, той алып барып, ырдап, роликтерге, тасмаларга тартылып жакшы эле каражат таап жатышат го?

-Бул жерде шоу-бизнестегилер тамада, ырчылык кылып акча табышат. Тамадалык кесипти актерлор да аткарып жүрүшөт. Шоу-бизнес менен алектенгендер материалдык жактан көбүрөөк утушта болушат. Мен деле учурунда тамадалык милдеттерди аткарып көрдүм. Бирок тамада болгондон кийин актердук чеберчилик, образ аксап калат экен. Акчага кызыгып, тамада болуп, чыгармачылыктан алыстагым келген жок. Ошондуктан тамада болсоң чыгармачылыкты ойлобой, ушуну гана аркалашың керек болот экен.Учурда ар кайсы ырчылардын ырларына тартылган клиптерге да көп түшөм. Видео- роликтерге да көп тартылам. Бирок, алар дайыма эле боло бербейт. Видео роликтерге, клиптерге тартылганда да төлөнөт. Айрым клиптерден актердук чеберчилигиң деле көрүнбөй калат. Жаныңдагы ойноп жаткан өнөктөштөр начар ойноп коюшат. Андай учурда өзүң профессионалдык деңгээлде ойной бересиң, бирок жаныңдагы начар ойногон өнөктөш сенин талантыңды жутуп таштайт. Ойнобой эле коеюн дейсиң бирок анча мынча каражат болсун деп ойлойсуң. Бардыгы материалдык маселеге барып такалып калат.

-Үй-бүлөңүз тууралуу айтсаңыз?

-Өзүм кечирээк үйлөнгөм, Кудайга шүгүр бактылуумун. Келинчегим чыгармачылыкка такыр тиешеси жок. Дегеле менин үй-бүлөмдө, тууган уругумда бири да чыгармачылыкка тиешеси жок. Мен чыгармачылыкка кантип аралашып калганымды баары түшүнүшпөйт.

- Чыгармачылыктан тапкан каражат үй-бүлөңүздү материалдык жактан толук камсыздаганга жетеби?

- Мен бизнесмендердей бай эмесмин, бирок үстүбүздө үйүбүз, алдыбызда унаабыз бар, жашообуз Кудайга шүгүр. Актерлор көбүнчө кинолорго басым ташташат, ал жактан гонорар алышат. Албетте, бизде кинолор Голливуддукундай же Россиянын актерлорундай гонорар төлөшпөйт. Бирок, биздин шартка жакшы эле. Чоң тасмалардан “Курманжан Даткада” көп иштедим. Ал тасмада ар кандай кийимдер менен 7-8 ролду ойногом.Тасмадагы эң эле көрүнүктүүсү Санжарбек Датканын образы болду. Россиядан сериалдар келип бул жакта тартылып калса, аларга да түшүп калам.

- Шайлоо учурунда чыгармачыл адамдарга сунуштар болуп калат го..

-Ооба андай учурларда сунуштар болуп калат. Мисалы, өткөн президенттик шайлоодо бир-эки чогулушту алып барып бердим. Ал эми парламенттик шайлоо учурунда депутаттар өздөрү түз чыгышпайт, бирөөлөр аркылуу айттырышат. Ага деле кызыкпайм, кошумча каражат табуу үчүн иштеп турабыз. Кыргызстандагы элиме тынччылык, барчылык, молчулук жана өнүгүүнү каалайм!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР