Кечээ Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси өттү

Кечээ Жамал Сейдакматованын  80 жылдык мааракеси өттү
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 12:39

Кечээ Кыргызстандын Эл артисти, Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракеси Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарында белгиленди.

Кыргыз тасмаларынын тарыхын түптөп, “Кыргыз кереметинде” далай кинолордо роль жараткан, театрларда спектаклдерде ойногон актриса Жамал Сейдакматова жакында эле “Манас” ордени менен сыйланган эле.

Жамал Сейдакматова «Туңгуч» театрынын негиздеген. Кыргыз ССРинин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова «Акбаранын көз жашы», «Караш-Караш окуясы», «Ак илбирстин тукуму», “Улан” жана башка бир катар тасмаларда ойноп элдин эсинде бар.

Жамал Сейдакматованын 80 жылдык юбилейин куттуктап Жогорку Кеңештин депутаттары, президенттин кеңешчиси Султан Раев, Маданият маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев жана актрисанын кесиптештери катышты.

Эскерте кетсек, Жамал Сейдакматова ушул күнгө чейин да тасмаларда, спектаклдерде роль жаратып, “Тунгуч” театрын жетектеп келет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР