Бек Борбиев кафеге киргендерге чакыруу билетин береби?

Бек Борбиев кафеге киргендерге чакыруу билетин береби?
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 12:52

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана аткаруучу Бек Борбиев жыл сайын 24-сентябрь туулган күнүнө карата концерт тартуулап келет.

Ал жакында өтө турган концертине даярдыктар көрүлүп жатканын, бул бир топ түйшүктүү экенин, бирок өтө жагымдуу түйшүк экенин жазып, элди концертке чакырууда.

Элүү жашынын урматына карата даярдалып жаткан концертке: “Бул элүү жылда бир эле боло турган концерт”,- деп да жар салды.

Андан тышкары концертке элди кызыктыруу максатында дагы бир мыкты жарнаманы ойлоп тапты, ал:

“Урматтуу Ош-Бишкек трассасындагы такси айдоочулары! Эгерде сиз Бек Борбиевдин 50-жаш юбилейине арналган Бишкек шааарындагы Филармонияда өтүүчү концертине күбө болгуңуз келсе,анда Токтогул аймагында жайгашкан “Бек-Ордо” кафесине кайрылыныз! Оюндун шарты: 20-сентябрга чейин,5 жолу Бек-Ордо кафесине кайрылып,даам сызып кетиниздер P.S Беш жолу кайрылгандарга - 1 билет”,- деп жазып, байланыш телефондорун калтырган.

Эскерте кетсек, Бек Борбиевдин концертинде дайыма жаңы обондуу ырлар коштолот жана ырчынын ар бир ыры коомчулукта дароо хитке айланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР