Бүгүн Сыймык Бейшекеевдин жеке концерти өтөт

Бүгүн Сыймык Бейшекеевдин жеке концерти өтөт
9-Сен. 2019, Дүйшөмбү, 15:36

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти обончу жана аткаруучу Сыймык Бейшекеев бүгүн өзүнүн туулган күнүнүн урматынаТ.Абдумомунов атындагы улуттук драма театрына жеке концертин коет.

Ал концертти жарнамалоо аракетинде буларды жазды:

“ - Кандайсың?
- А мен жакшы, өзүң кандай?
Жылмайып нуруң чачып жарык таңдай
Кубанып турдуң карап келгениме
Кыйналган жоксуңбу деп, жаның калбай ...

Нуржамал айым жакшы ыр үчүн сизге чоң рахмат, буйруса көпчүлүкө жагымдуу кайрык болот деп үмүттөнүп турам, эртең бүгүн убактың болсо театрга чакырам ырдын бет ачаарын тыңдап кетиңиз. Жалпыга кулак кагыш, Керемет Сабыржанова деген кыйын карындашым менен дуэт ырдайын деп турам, анда концерттен жолугалы."

Сыймык Бейшекеев бүгүнкү өтө турган концертине көптөн бери даярданып жүргөнүн буга чейин айтып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР