Жанетта Баялиева: "Балдарымдын бактысын биринчи орунга коем"

Жанетта Баялиева:
14-Сен. 2019, Ишемби, 11:27

КРнын эмгек сиңирген ырчысы, бир нече жолу чет өлкөдө кыргыздын желегин желбиретип, ар кандай музыкалык фестиваль, сынактарга катышкан ырчы Жанетта Баялиева менен жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу zaman.kg маалымат агенттиги маек курду.

-Жанетта айым, азыр чыгармачылыгыңыз тууралуу кыскача маалымат берсеңиз? Жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып, жеке, чыгармачыл концерт берейин деген ойлоруңуз барбы?

-Чыгармачылыгым Кудайга шүгүр, азыр жаңы ырларды жаздырдым. Аларга клип тарттырууга да киришип жатам. “Кыргызстан” деген мекен жөнүндө жаңы ыр бар. Ошого клип тартып, сценарий жазып жүрөбүз. Андан тышкары мен социалдык роликтерди да тартып, аларга башкы продюссер болуп жатам. Алдыда да ушул сыяктуу коомго керек социалдык роликтерди тартсакпы деген пландар бар. Ноябрдын аягында чет мамлекетке Кыргызстандын атынан фестивалга барам. Ал жактан атайын чакыруу келип учурда даярданып жатам.Эки чыгарма аткарыш керек экен, аны жандуу үн менен оркестрдин коштоосунда аткарам.

- Негизги расмий түрдө иштеген жериңиз барбы? Жалгыз бой айым катары үй-бүлө, балдарды багуу түйшүгү мойнуңузда дегендей...

-Албетте, менин негизги иштеген жерим бар. Жети жылдан бери Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Маданият башкармалыгында ырчы болуп эмгектенем. Ал жерде эмгек стажы, айлык маянам бар. Андан тышкары көпчүлүк чыгармачыл ырчылардай эле тойдон жана концерттен түшкөн каражат менен балдарымды багам.

-Сиздин жеке жашооңузга эч кимдин кийлигишүүгө акысы жок, ошентсе да элдин кызы болгондуктан сиздин жеке жашооңуз көпчүлүккө кызык?

-Азыр мен балдарым менен жашайм. Үйдө үчөөбүз жашайбыз. Эки балам өзүмдүн колумда, өзүм тарбиялап өстүрүп жатам, алар бой жетип калышты. Кызым мектепте 11-класста окуйт, уулум 9-класста окуйт. Кудайга шүгүр жалгыз болсом дагы элден кем кылбай жакшы карап, колумдан келген бардык жакшы нерселерди балдарымдан аябай, ошолорго сарптап келем.

- Балдарыңыздын атасы Денис балдарына карашып, алимент төлөйбү?

-Балдарымдын атасы алимент төлөбөйт. Балам атасын сагынганда өзү атасына барып турат. Бирок балдарымды өзүм эле багып келем.

-Ар бир адам жеке жашоосунда бактылуу болууга акылуу, жалгыздыктан тажаган жоксузбу? Балким экинчи жолу да турмушка чыгуу планыңыз бардыр? Дегеле колуңузду сурагандар болобу?

-Өзүм турмушум жөнүндө айтсам, колумду сурагандар бар. Бирок, “сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет” деген кыргыздарда жакшы макал бар эмеспи. Анын сыңарындай азыр турмуш кура турган оюм деле жок. Себеби, менин эки балам чоңоюп калды, балдарымды окутуп, ошолорго татыктуу тарбия бергим келет. Жеке жашоомду ойлоп, кайра турмушка чыгып, балдарым түрткүндү болбосун деп биринчи орунга балдарымды коем. Жеке өзүм экинчи турмуш куруу оюмда жок. Мага өзүмдүн бактымдан да балдарымдын бактысы биринчи орунда турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Жээнбеков жашыл экономиканы өнүктүрүүдө кызматташууну сунуштады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Инстаграм үзгүлтүккө учурады
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Сауд Арабия оркестри аткарган Россиянын гимни кызуу талкууга түштү (видео)
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
Кыргызстандык окуучулар Иран олимпиадасында медаль жеңип алышты
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
ИИМ: Асановдун иши боюнча тергөөгө кысым көрсөтүлгөн жок
Ревматизм оорусунун белгилери
Ревматизм оорусунун белгилери
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Чагылгандын катуу соккусунан койлор жан берди (видео)
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Батукаев иши: соттук отурумдарга Атамбаев келбей турган болду
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Актан Рыскелдиев “Сүйүнчү” радиосунда эфирге чыгат
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Россия Баткен облусуна бир мобилдик клиника белекке берди
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
Келдибеков: Жээнбеков журт атасы экенин көрсөтө алды
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
ИИМ: Кызматкерлер массалык түрдө жумуштан кеткен жок
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Тамак-аштын көбү ысырап болууда
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Кызсайкал Кабылова менен таанышкан жигит ким?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Балдар эмне үчүн жалган сүйлөйт?
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!
Асема Токтобекова: Сизди сүйгөн жүрөктү капалантпаңыз!