"Дүйнө-сулуусу" сынагына Назгүл Аттокурова катышат

19-Сен. 2019, Бейшемби, 12:33

Ливандын Бейрут шаарында өтө турган Эл аралык "Дүйнө сулуусу" сынагына Кыргызстандын атынан Назгуль Аттокурова катышмай болду.

Ливандын Бейрут шаарында 22-сентябрда 32 өлкөдөн сулуулар таажы жана акчалай сыйлык үчүн ат салышат. Miss Tourism Universe — 2019 сынагына Кыргызстандан Назгүл Аттокурова катышат.

Назгүл Аттокурова буга чейин Кыргызстанда өткөн “Мисс Кыргызстан” сулуулар сынагына катышып, бир нече номинацияларды жеңип алган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!