Малахов кыргызча кечирим сурады (видео)

Малахов кыргызча кечирим сурады (видео)
2-Окт. 2019, Шаршемби, 12:09

Кечээ 1-октябрда «Россия 1» телеканалынын алып баруучусу Андрей Малахов эфир учурунда кыргызстандыктардан кыргыз тилинде кечирим сурады.

Ал сөзүн түз эфир алып барууда, эч кимдин көңүлүн оорутпаган окуяларды айтып берээринен баштап, ошол окуялардын ичинде Александр Моруговдун трагедиялык өлүмү тууралуу да талкуу болуп, буйрутма жол кырсык тууралуу версия болгонун, андагы айтканын Кыргызстандагы айрым көрүүчүлөр туура эмес түшүнүп, алар аны катуу кабыл алганын айтты. “Кыргыз элинин эзелки даанышмандыгында мындай деп айтылат: “Укканды бил жана угузганды бил”,- деп. Бүгүн менин үнүмдү Орусиядагы жана Кыргызстандагы көрүүчүлөр угуусун каалайм. “Түз эфир” программасынын жалпы жамаатынын жана өзүмдүн атымдан чын дилден өкүнүп жатканымды билдиргим келет. Биздин программаны бардык дүйнө жүзү көрөт, ошондуктан биз бардык көрүүчүлөрүбүздү алардын өлкөсүнө, улутуна карабай бирдей мамиле кылып, жакшы көрөбүз, сыйлайбыз. Кечирип коюңуздар», - деп сөзүн бүтүрдү Малахов. Акыркы “кечирип коюңуздар” деген сөзүн кыргызча айтып кечирим сурады, залда отургандар аны коштоп кол чабышты.

Эскерте кетсек, орусиялык миллиардер Владимир Маруговдун баласы Александр мотоцикл менен катуу ылдамдыкта келе жатып, кыргызстандык Исламбек Акбаровдун машинасына урунуп, ошол жерден жан берген эле. Жол кырсык окуя боюнча, 24-сентябрда «Россия 1» телеканалынын «Андрей Малахов. Прямой эфир” программасынын алып баруучусу Андрей Малахов эки тараптын адамдарын эфирге чакырып, ал бир тараптуу таксистти күнөөлөгөн. Андан тышкары Кыргызстан элин да басмырлаган сөздөрдү айткан эле.Малаховдун бул сөзүн кыргызстандыктар катуу кабыл алып, социалдык тармактарда анын кечирим сурашын талап кылган акция уюштурушкан.

Андан кийин көп өтпөй Малахов кыргызстандыктардан кечирим сурабай, “Менин жеке баракчама 20 миңден ашуун ар кандай сындар келип түштү, кыргызстандыктар мынчалык катуу кабыл алаарын билген эмесмин, айрымдары менин сөзүмдү туура эмес түшүнүп алыптыр”,-деп өзүнүн журналына интервью берип жатып айткан.

Акыры ал кыргыз элинен расмий түрдө кечирим сурап, кыргызстандыктардын ага каршы акциясын токтотту.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди