Назира Айтбекова: “Малаховго бирдеме дебейсиңби” дегендерге жооп берди

Назира Айтбекова: “Малаховго бирдеме дебейсиңби” дегендерге жооп берди
2-Окт. 2019, Шаршемби, 13:52

Белгилүү теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова Малаховдун Кыргызстан элин мазактаган сөздөрү тууралуу жеке баракчасына өз пикирин, ачуу чындыкты жазып, элдин көңүлүн бурду.

Ал жеке баракчасына: “Малаховго бирдеме дебейсиңби дегендер, эмне дейин мен ага? Аябай кыйын элбиз, кыйындыгыбыздан көрүнгөн өлкөдө тентип, балдарыбызды таштап коюп, күнү - түнү иштеп, ден соолугубузду акчага алмаштырып , балдарыбыздын токочун таап атабыз дейимби? Же ушундай ынтымактуу элбиз түндүк - түштүктү кой, айыл - айыл, уруу - уруу, айлабыз кеткенде партия - партия болуп бөлүнүп алып, бири бирибизге жугунду төгөбүз дейимби? Эмне дейин айткылачы? Ушундай берешен элбиз. Берешендигибизди ушундан бил жерибизди тебелетебиз көрүнгөнгө, уран - алтынын каздырабыз, суусун сатып, жерлерибизди ит бекер берип ийебиз дейимби? Же ушундай билимдүү элбиз, мугалимлерибиз "пашти што" бекер иштеп, чоңдорубуздун эки сөзүнүн бири ката, эки тамганы эптештирип окуйт. Анткени министрибиз бир катадан эчтеке болбойт деген, көнө келсе, мектепти контейнерден салып салабыз дейимби? Ушундай чечкиндүү элбиз. Шайлоодо эртеңибизди миң сомго, бир бөтөлкө аракка, бир мүшөк унга сатып жиберебиз дейимби? Бийликке оозу кыйшык болсо да, туугандар отурсун, жарыгы мага тийсин деген жактан алдыга ат салдырбайбыз дейимби же? Диплому бар, билимдүүлөр соодада, таксиде диплому жоктор майлуу - сүттүү орунда десем да болот, баса! Намыстанып, чычалаардан мурун ушул аңга түшкөнгө өзүбүз күнөөлүү экенибизди бир билели! Бири бирибизге шылтап, сөөмөй менен кезеп, сен күнөөлүсүң дээрден мурун ар бирибиз күзгүгө бир каранып, кеп башкада эмес өзүбүздө экенин аңдайлы. Сенин, менин да бүгүнкү күнгө салымыбыз чоң! Элге " сопляк " көрүнүп атсак, ошондой бардыр! Чычалап не кажет? Балким чындыкты айткан үчүн чычалап, жарабызга оор тийип аткандыр! Качан гана күчтүү мамлекет болуп, ынтымагыбыз бекем болгондо эч ким бизге өйдө карап, бутун сүртө албайт! Болбосо, бул шылдыңдын башы эле. Ойгонбосок, дагы далай тебелейт”- деп жазды. Назира айымдын бул пикирине толук кошулам дегендердин саны арбын болду.

Бир жума мурун Россиянын теле алып баруучусу Андрей Малахов өзүнүн программасынан кыргыз элин басмырлаган сөздөр үчүн ага карата көпчүлүк белгилүү адамдар акаарат айтып, а түгүл видеого сүйлөп, нааразычылык акциясын өткөргөн эле. Кечээ ал кыргыз элинен кечирим сурады.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди