Саламат Садыкова ачуу чындыкты жазды

Саламат Садыкова ачуу чындыкты жазды
2-Окт. 2019, Шаршемби, 14:16

КР эл артисти, белгилүү ырчы Саламат Садыкова бүгүн Фейсбукбаракчасына артисттин бир күндүк көшөгө артындагы өмүрүн сүрөттөп агынан жарылды.

Саламат айымдын жазганында ачуу чындык бар экенин айтып, окурмандарколдоо пикирлерин жазышты. Саламат Садыкова айымдын жазганын өзгөртүүсүз беребиз.

Ал: “Азыр эле мага СПУТНИК-деген сайттан,коңгуроо кагып,жаш журналист кыз сиздин пенсияныз канча дейт.. Мага өзгөчөлөнгөн пенсия каралса керек деп ойлонуп алсан керек,эл укпасын,мышык ыйлайт, десем жоок Пугачёванын мисалы дүйнөдөгү атактуулардын тапкан маянасы,анан пенсиясына салыштырмалуу иликтөө жүргүзүп жатабыз дейт.Биздеги Министрлер кайерде жүрбөсүн,эл чогулган мааракелерде болобу, Мамлекет башчылары катышкан иш чаралардын алкагындакы,чакырууларды барактасам, дөөлөт кушун көкүрөктө кайрыктарга кондуруп алып эл алдында жаркыраганым эле болбосо,тешик дагараны көтөргөн жомоктогу алтын балыкка кайрылган абышка-кемпирден,эч айырмасы өзгөчөлөнбөгөн, эски арабадагы жолоочудай өмүр кечирип келатканыбыз төгүнбү...Калкынын камын ойлогон улуу тулгалардан үмүт үзбөй жакшылыктын жарчысы болуп,эл алдында жаркырата обон созуп ырдаганым ырас, далай Министрди көрдү го бул баш, алты канат, ак ордого кеңешчи болуп башын тыккандар өз керт башын сыйлаганын көз көрүп,кулак укканы болбосо.Булуттуу айды ачаар, мунарыктаган күндү ачкан, телегейге тең караган атка минерлердин камкордук жасап, ырысыбызга ырыскы улаганын, күлүп учурашып, күлүп узатканын көрөлекмин .Башкасын коюп, кечээкиле Таластагы "Көчмөндөргө"-баргандакы акыбалды айтсам,араң жүргөндөр табаалашаар,акыл эстүүлөргө сабак болоор..Кантейин Элибиздин бүтүндүгүн тилеп,улуттук болмушубуздун кадырына нур чачып, эл арасында жүргөнүбүз эле болбосо, келдиңби,кеттиңби деген бир акимди же айыл өкмөтту көрбөдүм...Өз жолум менен бардым,ырдаганым бир ыр, өз жолумда кайттым...Раев Султан Акимовичи баштаган баары жүрөт, Министирибиз да аман эле болсунчу, жаш балдардын арасында эптеп бир Таластын көчөсүндө карапайым аялдын үйүндө ысык чай ууртаганыма шүгүр кылдым да, концерттин соңундагы абалды көрсөңүз сахнанын артындагы ачык талаада чечинип кийинип,үшүгөн бойдон жол бою улуу-кичүүгө жергиликтүү элдин агымында жөө келатабыз,чаалыкканды сурабаңыз, баягы үйгө жеткидей эмесмин ...Бирөө кабар алып карап койсочу, "Кул жыйылып баш болбос,кум жыйылып таш болбос"-деген ырас экен туугандар, тирүүңдө сыйлабаган, өлгөндөн кийин бараар жерибиз эки метр ак кепин кара топурак экен го, бүтүн дүйнө жалганды жалгыз билген Искендер да өткөн дүйнөдөн. Пенде чиркин тоёбу,бул дагы кылган арманды... Билеселүү кандарым келтирип кеңеш куруңар, өнөр адамдарына тирүүсүндө камкордук,сый-сыпатты кызганбай кеңешчилердин катарын жаңыртып,адал,ак ниет вазирлерден күн тийеби деги,таамай айтып так сүйлөйлү, керт башынын кызыкчылыгынан жогору көтөрүлбөгөн,жер көз сасыткы, карөзгөй чабармандардан арылмайынча, чыгармачыл адамдын баа-баркы,кадыр-сыйы өз деңгээлинде бир куюм чайга да арзыбай өмүр өтүп жатканы ачуу чындык.. Өмүр-Деңиз. Тагдыр-Кеме. Кемен сууга чөкпөс үчүн,өзүн капитан болууң керек-деген тура, Улуу кол башчы,ааламдын жарымын бийлеген тарыхый тулга Наполеон Бонапарт. Кенен пейилибизден кемибейли. Ак көңүлдөр ажат ачат деген бар,өзү жоомарт,колу ачык, сөзү калыс жетекчилерге маарыбай койдук атаганат..."Акылы жок уулдан,апийим жеген мас жакшы"- дедирген,аш тоюңардын санын көбөйткөнчө,Адамдын атын-затын сыйлап алаар, тең жүргөндү теңирим жалгаган экен деген жакшылыктардан,кемитпесин элимди..Спутник пенсиямды сурайт,ошондон улам,артистин бир күндүк көшөгө артындагы кадырсыз, концерттеринин ичиндеги ашмалтайын айтпай эле койоюнчу,амандык тилеймин жалпыга..Акыйкат уудан ачуу болот экен..”- деп жазды. Жалгандын бир жүзү жылма болот тура...Адамдыктын ары үчүн,жаркырап аткан таң үчүн тобоо шүгүр кыламын!!!"- деп жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди