Анастасия Заворотнюк чоң карызынан кутулду, эми дарыланат

Анастасия Заворотнюк чоң карызынан кутулду, эми дарыланат
5-Окт. 2019, Ишемби, 08:33

Россиянын белгилүү теле алып баруучусу жана актрисасы Анастасия Заворотнюк жакында онкологиялык дартка кабылып, комага түшүп, кайра эсине келген эле.

Анастасия Заворотнюктун ден соолугунан тышкары банкка миңдеген доллар карызы бар экени да айтылган.

Заворотнюк 2012-жылдан бери төлөп келе жаткан кредитинен жакында кутулду.

Бул туурасында Россиянын бардык ММК булактары жазып чыгышты.

2012-жылдан бери төлөй албаган кредиттен улам А. Заворотнюк чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган эле.

2012-жылы ноябрь айында Заворотнюк “Моя прекрасная няня” сериалына тартылып, 435 миң АКШ доллары турган квартираны кредитке алган. Бул акчаны ал бир жыл ичинде кутулуп бермек эле.

Бирок 2014-жылы доллардын курсу эки эсе өсүп кеткендиктен актриса акчасын төлөп берүүгө мүмкүнчүлүгү жок болуп калган. Ошондо банк актрисаны өз убагында төлөп бере албагандыктан 50% үстөк менен төлөөсүн талап кылган. Ага Заворотнюк макул болгон. Банктагы карыздан улам актриса чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган.

2017-жылы актриса банкка болгону 8000 доллар гана төлөп бере алган. Ошондо актрисаны банкрот болду деп табууга аракет кылган, бирок ага эч кандай себеп болбогондуктан бул сунуштан да баш тартышкан, тиешелүү орган.

Бул жылы сентябрь айында актрисанын банктагы карыздарынын баары төлөнүп, ал чет өлкөгө дарылууга мүмкүнчүлүк алды.

Эскерте кетсек, 2018-жылы Анастасия Заворотнюк үчүнчү жолу эне бактысына ээ болгон. 47 жашында ал жолдошу Петр Чернышевге кыз төрөп берген. Актриса менен Петр Чернышев он жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатышат.

Кыздуу болгондон кийин актрисанын ден соолугу начарлап, баш мээ шишигин аныкташкан эле.

Учурда актриса дарыланып жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
«Тамекисиз спорт» урааны алдында спартакиада өтөт
«Тамекисиз спорт» урааны алдында спартакиада өтөт
​Буйвол жарышында Болттун рекорду кайталанды
​Буйвол жарышында Болттун рекорду кайталанды
Эмгек сиңирген ишмер Мира Ботбаеванын сөөгү бүгүн жерге берилет
Эмгек сиңирген ишмер Мира Ботбаеванын сөөгү бүгүн жерге берилет
Жумабеков Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барды
Жумабеков Сауд Арабия Королдугуна расмий иш сапары менен барды
"Facebook" ар күнү миллиондой фейк аккаунтту өчүрүүдө
Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театры ремонттолуп жатат
Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театры ремонттолуп жатат
​Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдеште 6 алтын медаль уттушту
​Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдеште 6 алтын медаль уттушту
Кыргызстан менен Словакиянын ТИМ башчылары жолугушту
Кыргызстан менен Словакиянын ТИМ башчылары жолугушту
Жусуп Мамайдын «Манасчы» спектакли коюлат
Жусуп Мамайдын «Манасчы» спектакли коюлат
Алма менен банан диетасы
Алма менен банан диетасы
Теле алып баруучу Назгүл Кожокулова каза болду
Теле алып баруучу Назгүл Кожокулова каза болду
Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт
Бишкекте Улуу Ата-Мекендик согушка арналган тасмалар көрсөтүлөт
Бишкекте Улуу Ата-Мекендик согушка арналган тасмалар көрсөтүлөт
Бек Борбиев менен Гүлнур Сатылганова Аксыга концерт коюшат
Бек Борбиев менен Гүлнур Сатылганова Аксыга концерт коюшат
Айгерим Расул кызы менен Иса Өмүркуловдун клибин көрүңүз!
Айгерим Расул кызы менен Иса Өмүркуловдун клибин көрүңүз!
Шашылыш билдирүү! Ашуулар менен тоолуу райондордо көчкү жүрөт
Шашылыш билдирүү! Ашуулар менен тоолуу райондордо көчкү жүрөт