Бек Борбиевге айыл эли ат мингизди

Бек Борбиевге  айыл эли ат мингизди
7-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 11:20

КРнын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиевдин 50 жылдык мааракеси менен куттуктап Кара-Кулжанын эли ат мингизди.

Белгилүү аткаруучу, обончу Бек Борбиев Ош облусуна караштуу, Кашка-Жол айыл өкмөтүнүн Тоготой айылында жеке концертин тартуулады.

Бек Борбиевдин концерти мугалимдердин кесиптик майрамына жана "2019-жыл аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жылына" карата уюштурулду.


Майрамдык салтанатка белгилүү эстрада жылдыздары дагы келип катышкан. Концерттин соңунда Тоготой айылынын эли Бек Борбиевди 50 жылдык мааракеси менен куттуктап, калпак кийгизип, чапан жаап, ат мингизди.

Бек Борбиев: “Тоготой деген айылга келип ырдап бериңиз деп чакырган сиздердин окуучуңуздар, силердин кулунуңар, жигитиңер, уулуңар, азыр силердин эле эмес, жалпы республикалык денгээлде иш алып барып жүргөн Замирбек Бөжөновго да бир кол чаап коюнуздар!”,- деди элди.

Ал эми ошол эле айылдын мугалимдеринин бири Шарипа Ардинова:“42 жыл мугалим болуп эмгектенип жүрүп ушунча убакыттын аралыгында бир да атактуу адам келип, концерт коюп, бизди кесиптик майрамы менен куттуктаган эмес. Азыр Бектей ырчы келип бизди куттуктап ырдаганына абдан таң калып, кубанып, толкунданып жатам”,-деди.

Эскерте кетсек, Бек Борбиев 24-сентябрда 50 жашка толуп, Бишкек шаарында юбилейлик концертин өткөргөн. Андан кийин концерт Ош, Жалал-Абад шаарларында уланган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди