Асланайым Аширова: "Элдин жылуу сөзү дем берип, бутуман турууга аракет кылам"

Асланайым Аширова:
7-Окт. 2019, Дүйшөмбү, 12:46

Кыргыз мамлекеттик циркинин жогорку категориядагы артисткасы, ат үстүндө мырзалардан да мыкты ойногон Асланайым Аширова жазында Сауд Арабиясындагы фестивалда кырсыкка кабылып, учурда дарыланып жатат. Асланайым Zaman.kg маалымат агенттиги маек курду.

-Өзүңүз тууралуу кыскача маалымат айтсаңыз, чет өлкөлөргө да барып иштеп келипсиз, кантип циркте иштеп калдыңыз?

-Биринчи билимим балеттин артисткасы, экинчи билимим режиссер, үчүнчү билимим Президенттик Академияда бизнес-менеджмент магистрант. Кыргыз мамлекеттик циркке иштегенге чейин өзүмдүн бий тобум бар эле, режиссер коючу болуп, ошол жакта иштеп, учурунда спорт менен да көп машыктым. Кийинчерээк циркке шоу-программаларга режиссер коюучу керек деп чакырганынан барсам, ал жакта ат үстүнө ойноо боюнча кастинг болуп жатыптыр. Алар мени көрүп эле ат үстүнө ойноого чакырып калышты. Кастингге катышкан алты кыздын арасынан жалгыз мен өтүп кеттим. Көп жылдардан бери "жигитовкада" солистка болуп иштеп жүрдүм. Азыр деле иштейм, бирок учурда ден соолугума байланыштуу бир аз убакытка жумуштан четтетилгем. Бюллетендемин. Чет өлкөлөргө да барып иштегенбиз. Менин эң алгачкы максатым-кыргыз айымдардын ат үстүндө кандай жүрөөрүн көрсөтүшүм керек. Чет мамлекетке чыкканда мен жигитовка, каскадердук трюктарды көрсөтүп жатканда көрүүчүлөрү абдан таң калышат. Мага келип “Кыргызстан деген каякта, кандай мамлекет же аралбы?” деп сурап калышчу. “Кыргызстандагы кыздардын баары сиздейби, баары ушинтип ат чабышабы?” “Кыргызстанда эркектер аялдардан коркпойбу, анткени атты ушунчалык катуу чабат экенсиңер”,- деп да сурашчу. Аттын башынан тияк-биягынан да чыгып чабат экенсиңер, кантип коркпой иштейсинер дегендери биз үчүн чоң комплимент болот. Маданият чөйрөсүндө иштеген адамдар үчүн кол чабуулар, жакшы сөздөр артисттерге чоң мотивация берет. Кудайга шүгүр, мен алдыда дагы жете турган ийгиликтер көп. Бутума жакшы туруп кетсем,балким мен спортко кайтаармын.Кыргызстанымдын желегин желбиретип, алдыда дагы жакшы ийгиликти жаратып, жакшы орундарды алып келсем кубанычта болом.

- Өткөндө циркке жетекчилик шайлоодо сизди да сунуштап жатканын уккан элек, ушунча жыл эмгектенген жаштар жетекчилик кызматка келсе жакшы болмок эле деген пикирлер да жаралып, бирок жаштарга бут тосуулар болуп жатат дешти, кимдер бут тосту?

-Абдан кызыктуу суроо экен, циркке директордун ордуна жаштар болсун,ишти алдыга жылдырып, ишти алып кете турган директор керек болгондуктан шайлоо да болгон. Мага да сунуштар болуп, ал сунуштун ичинде менин да талапкерлигим бар болчу. Ушунча жылдан бери иштеп жүргөн соң, циркте кандай маселе, эмне жетишсиздиктер бар, эмне керек баарын билип калат экенсиң. Менин жеке оюмду айтсам, биздин циркке негизи жаңы реформа керек болчу. “Маданий ачкачылык” деп коюшат эмеспи, ошондой да болуп калган. Жаңы номерлер жок деген сөз. Бизде реквизиттер жетишпеген учур да болуп калган. Андан тышкары циркке капиталдык ремонт дагы керек болчу. Ошонун баарын эске салып, мен да кошо жаштар иштесе жакшы болмок деген сөздөр болгондуктан жаштар силер да талапкерлигиңерди бергиле дешкен. Бирок, сиз кимдер бут тосту деген суроону бердиңиз, чындыгында бут тоскондор абдан көп болду. Башка жактан эмес, чынын айтыш керек, буга чейин бизде эле иштеген чоң эже, агалар болду, артисттерди да бурмалап, “эгерде сен директорлукка ат салыша турган болсоң, сен артист да болуп иштейсиң, асманда учуп, кулап кетээриңди да унутпа” деген коркутуулар болгон. Мен цирктин имаратын бузайын деп ат салышкан жокмун да, тескерисинче аны көтөрөйүн, жакшы, жаңы денгээлге чыгарайынд еген ой менен эле чуркаган болчумун. Анткени мен өз жумушумду абдан жакшы көрөм. Азыркы учурда Фархат Бекмамбетов деген байке келип иштетип атат, баары жакшы, адамкерчиликтүү, түшүнүктүү, жакшы инсан. Жаңы келген адамдын иштеп кетүүсүнө мүмкүнчүлүк беришибиз керек деп ойлойм.

-Ата-энең тууралуу да айтсаңыз, алар да өзүң сыяктуу чыгармачыл инсандар эмеспи...

-Менин ата-энем маданият тармагында иштешет. Апам кыргыз теле-радио телевидениесинде да, “Санат” телеканалында да иштейт, абдан сыйлуу адам. Кыргызтелерадиосундагы алтын архивде да апамдын үндөрү бар. Анткени апам биз көрүп жаткан чет мамлекеттин кинолорун, сериалдарын, мультфильмдерин кыргызча үн коштоп, режиссер катары жаздырып, элге сунуштайт. Атам Барпы театрынын көркөм жетекчиси, эмгек синирген артисти, ал жакта артист да болуп эмгектенет. Ал да өзгөчө сыйлуу адам. Ата-энемден үлгү алып, мен дагы Кыргызстанымдын келечегине жакшы салым кошкон инсан болсом деп кыялданам. Ата-энеме чоң ыраазычылык билдирем.

- Албетте, Кыргызстандын атынан бир топ жерге барып кыргыз желегин желбиретип келдиңиз, ал эми жазында Сауд Арабиясына барып кырсыктаганың абдан кейиштуу болду, ошол окуяны кененирээк айтып берсеңиз?

- Кыргызстандын атынан Сауд Арабияга фестивалга чоң делегация менен маданият, спорт чеберлери, биз менен бирге конфедерациясынын уюштуруу комитети дагы барган. Ошол жакта 8-март күнү мен үчүн жагымсыз, каргашалуу окуя болду. Мен кыскача айтып өтөйүн, ошол жерде иштеп, атты катуу чаап баратканда сол тараптан да, оң тараптан дагы, маңдайымдан дагы мага жолтоо болуп калды. Атты катуу чаап бараткан учурда эч кандай жолтоо болбошу керек. Ушул окуя боюнча кийин Бишкекке келгенде “Ачыгын айтканда” программасына чакырып, мага жолтоо болгон тарап да келди. Бирок ошол мага жолтоо болгон тараптын сүйлөгөн сөздөрү бири-бирине дал келишпей кээ бир сөздөрүн калп айтып, биринчи башка версияны, андан кийин башкасын сүйлөп,андан кийин таптакыр башкача сүйлөп, айтып турушту. Анан ошол жерден мени бул кайдан келип калганын билбейбиз дешти. Аягында мени расмий түрдө катышуучу эмес деген жыйынтык чыгарып коюшту. Эгерде мен ал жерде расмий катышуучу болбосом мага визаны, билетти ким берди? Мен булардын баарын өзүмдүн акчама алган жокмун да. Ушунун баарын чакырган тарап төлөп беришкен. Алар спорт, маданий чеберлерин өздөрүнүн каражаттарына алып барышты. Уюштуруучу комитет кыргыз делегациясы үчүн жоопкерчилик алышат. Чындыгында мен ал кырсыктан бутумду катуу жабыркатып, жоготуп алуу коркунучунда болдум. А түгүл бутумду кесип салабыз дегенге чейин барышты. Уюштуруучу комитет менин катуу кырсыктаганымды түшүнүп, жоопкерчиликти албоо үчүн ошол жердеги кыздарды, жетекчилер менен кандайча сүйлөшүп алышканын түшүнгөн жокмун. Бирок, башында башканы сүйлөп жатып, аягында такыр башкача сөздөрдү сүйлөп калышты. Ошол фестивалдын катышуучулары мага ооруканага келгенде да айтышты, “Асланайым, биз сени мененбиз, бирок, жетекчилик сени менен сүйлөшпө деп тыйып атышат” деп айтышты. Анткени алар Асланайым Кыргызстанга жеткенде баарын сотко берет деп түшүндү. Ошого байланыштуу булар ар бир катышуучуга мени менен сүйлөшүүгө тыюу сала башташты. Окуя боюнча эч нерсе айтпагыла, көрдүм, уктум дебегиле деп. Алар бул жакка келгенде биздин укук органдарында суракка алынган. Тергөөчүлөр дагы айтып жатышат, булардын сөздөрү ар кандай болуп жатат деп. Булар бир версияны тандай элек экен, өздөрү кээ бир алдаган жерлерин билбей калып атышат окшойт деп. Алар кандай жалган, жагымсыз сөздөдү айтышты.Маданият министрлигинен барган уюштуруучу комитеттин мүчөсү, "Асланайым өзү эле Арабияга келип калыптыр",- деп жазып чыкты. Мен Бишкектен атты Сауд Арабиясына минип чыккан жокмун да. Ал жакка жөө барган жокмун да. Мен иштеп жатканда мага жолтоо болуп, кырсык болууга тиешеси бар кыздардын да көргөзмөсү ар кандай болуп жатат. Уюштуруу комитети да өздөрүнүн кемчилигин сезишип, мени Казакстандын жараны деп документтерге жаздырып коюшуптур. Мен ал учурда эсимди жоготуп жаткам. Ушул кантип болсун? Алардын калп сөздөрүнө байланыштуу, менин аброюма шек келтиргени үчүн биз аларды сотко бердик.

- Азыр абалыңыз жакшы болуп калдыбы? Канча жолу операция болдуңуз?

-Азыркы абалым баягы алгачкы кырсык болгондогудай эмес, акырындап жакшы болуп келе жатат. Ооруганы басаңдап калды, бирок аба-ырайы бузулса эле бутум ооруп турат. Анткени бутумда көп темир бар. Айла жок чыдап көнүп атам. Бир жолу операция болдум, эми дагы экинчи операция күтүп жатат. Экинчи операцияга моралдык, физикалык, психикалык жактан өзүмдү даярдап жатам. Анткени бул оңой операция болбойт. Бутумдагы темирлердин баарын алып чыгыш оңой эмес. Биздин дарыгерлер мурунку абалыңа келиш үчүн жок дегенде беш жыл керек деп айтышты. Беш жылда өзүм дагы аракет жасашым керек. Циркте мен машыктырган окуучуларым бар. Алар мага күнүгө чалып качан чыгасыз деген сөзү да мага чоң дем берет. Эгер тынбай аракет кылсам бутума туруп кетемби деген жакшы ой менен жашап келем.

Элдин мага жакшы сөздөрдү айтып, сени ат үстүндө күтөбүз дегендери мага ушунчалык дем-күч берет. Мен дагы күчтөнөм. Жылуу пикирлерди укканда жылмайып, көккө учуп калам. Адамга жакшы сөз айтсаң көңүлү көтөрүлүп, гүлдөй ачылып калат экен. Мени колдоп жазган жылуу пикирлер менен баарына ыраазычылык билдирем. Мурда күнү-тунү тынбай иштеп көнүп калгандан кийин азыр да машыгып, андан тышкары сүрөт тартып, китеп жазып жатам. Мурда сүрөт тартканымды эч кимге айтчу эмесмин. Азыр ошол коллекцияларымды чогултуп жатам. Башка дагы чон максаттарымды ишке ашыруу үчүн бутума туруп, кайра башынан басканды үйрөнүшүм керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Ырчы Данияр Эрматов болочок жубайын элге тааныштырды
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
Талант менен Айя Садырованын жаңы клиби хитке айланабы? (видео)
 Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Назира Айтбекова: “Жинди кыз дегилечи мага! Жаман көргүлө!”
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Эртең айрым аймактарда электр жарыгы өчүрүлөт
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Расул Маматкулов “Сүйүнчү! Чоң апам эгиз төрөйт” тасмасына тартылууда
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Зеленскийге окшогон мигрант Интернет жылдызы болду
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Абылгазиев электромобилдерге КНС төлөөгө мораторий киргизүүнү тапшырды
Литвага Американын танктары алынып келинди
Литвага Американын танктары алынып келинди
"Алай" командасынын футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына баш кошту
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Хоббиси менен үйүн казынага айландырды
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Турдакун Усубалиевдин ысымы бийик чокуга ыйгарылды (фото)
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Бишкек 40 миң унаага ылайык, азыр 400 миңден ашык унаа бар
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан 282 тонна бал экспорттоду
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Кыргызстан менен Өзбекстандын футболчулары беттешет
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Айыл чарба дүң продукциясынын көлөмү 167,6 млрд сомго жетти
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди
Кыргызстандын рыногунда бизнес үчүн PayBox сервиси ишке кирди